Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Пакистанда өлкөдөгү эң алдуу-күчтүү адамдын – президенттин кызматын үч киши талашууда. Мамлекет башчысын ушул ишембиде жалпы улуттук парламент жана төрт дубандын мыйзам чыгаруу органдары кирген Шайлоо коледжинде шайлашат.

Ишемби күнкү добуш берүүдө үч талапкерден киши колдуу болгон эск-премьер Беназир Бхуттонун жесири, Пакистандын эң ири саясий партиясынын төрагасы Асиф Али Зардари жеңип чыгат деп болжолдонууда, себеби Шайлоочулар колежинин 700 мүчөсүнүн жарымынан ашыгы аны колдой тургандыгын жарыялашкан. Зардари Пакистандын Элдик партиясын жетектейт.

Зардари аялы өкмөт башында турганда коррупциялык иштер боюнча 11 жыл түрмөдө отуруп чыккан, бирок жакында кызматынан кеткен президент Первез Мушараф ага каршы айыптоолорду күчүнөн кетирген жардык чыгарган. Зардаринин партиясы коррупциялык айыптоолорду саясий кысым көрсөтүүнүн амалы деп ырастап келет. Ага азыр аялы Бхутто өткөн декабрда өлтүрүлгөндөн кийин анын партиясын февралдагы шайлоодо жеңишке жеткире алгандыгы үчүн баа беришүүдө. Зардаринин ошондой эле кеңири коалиция түзүп, Мушарафты бийликтен кетире алгандыгы да сөзгө алаарлык. Мушараф өткөн айда парламентте бийлик коалициясы ага каршы импичмент жараянын баштай турган болгондо отставкага кеткен.

Зардариге атаандаш болуп Пакистандын Мусулман лигасынан Саед Усман Сыдыки жана Каиди Азам Мусулман лигасынан Мушахид Хуссеин Саед экөө чыгышууда. «Азаттык» менен телефондон маегинде Карачиден Саед өзүн мамлекет башчылыгына эң ылайыктуу адам катары мүнөздөдү:

- Бул президенттик шайлодо жеке адамдык сапаттар да мааниге ээ болот. Эл же Зардарини, же мени тандашат. Зардаринин өтмүшү, мүнөзү, көз карашы жакшы белгилүү. Мен тазамын, мага каршы эч кандай айыптоо болгон эмес. Пакистанга карама-каршылыксыз, федерациянын символу боло ала турган, дубандарды ынтымакташтырып, бардык дубандар менен партияларды биргелештире ала турган президент керек.

1973-жылы кабыл алынган конституция боюнча Пакистанда Британиянын үлгүсүндө өкмөт башчысы аткаруу бийлигин жетектеген, ал эми президент символикалык гана рол ойногон парламенттик демократия каралган. Бирок бийликти төңкөрүштө басып алган генерал Мушарраф өзүнө эбегейсиз ыйгарымдарды алып алган. Азыр президент жарандык жана аскер башчыларын дайындап, парламентти таркатууга укуктуу. Ал өлкөнүн өзөктүк куралдарын да көзөмөлдөйт.

Зардари жеңип чыкса, албетте ал да зор ыйгарымдарга ээ болот, бирок анын алдында турган милдеттер да аз эмес. Өткөн айда Түндүк-Батыш чек ара дубанында талибдер менен кагылышууларда жүздөгөн, а балким миңдеген киши набыт болду. Бир эле 21-августтагы жанкечтилердин кош чабуулунда Исламабаддын жанындагы Пакистандын негизиги курал ишканасында 67 киши набыт болду.

Пакистандык саясий серепчи Захид Хуссейиндин пикиринде, армиянын талибдерге каршы соңку операциялары акыркы беш жылдагы эң таасирлүү чабуулдар болуп калды. Ошол эле мезгилде серепчи орозо айтка карата согуш аракеттеринин токтотулушу кырдаалды тескери жагына өзгөртүшү мүмкүн деп чочулайт:

- Талибдерди колдогон исламчыл Жамият Улеме Ислам партиясынын жетекчиси Маулана Фазл-ур-Рехмандын талабы менен аскердик операциялар токтотулду. Рехман бул талап аткарылса, Зардарини колдойт имиш. Бирок мунун аягы жакшы болбойт. Анткени ушул тапта армия биринчи жолу согушкерлерди чегиндирип жаткан. Уруулар да талибдер менен күрөшкө камданып атышкан. Аскердик операциялар токтотулса, бул уруулардын көңүлдөрү сууп, талибдер кайра уюштууга мүмкүндүк алышат.
XS
SM
MD
LG