Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

КОММУНИСТТЕР КАЙРАДАН АКШ БАЗАСЫН КОЗГОШУУДА


Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев АКШнын Кыргызстандагы аба базасын чыгаруу маселесин парламент жыйынында көтөрүп чыгууга ниеттенүүдө. Мунун себебин ал Бишкектеги АКШ аба базасына тиешеси бар адамдар ижарага алган жеке үйлөрдүн биринде курал-жарактардын табылышы менен байланыштырууда. Ошол эле убакта бир катар саясатчылар АКШ аба базасын чыгаруу-чыгарбоо маселесинде тышкы күчтөрдүн таасири бар экендигин, азырынча Кыргызстан үчүн бул базанын пайдасы көбүрөөктүгүн айтышат.

Кыргызстандын Коммунисттер партиясы башынан эле АКШ аба базасынын Кыргызстанда жайгашуусуна каршы болуп келишкен. Бир канча жылдан бери “Кыйрагыс эркиндик” деген аталыш менен Ооганстанда тынчтыкты орнотуу, террорчулукка каршы туруу миссиясына көмөк кылып келаткан Кыргызстандагы “Манас” аба базасы, маал-маалы менен ушундай каршылыктарга туш болуп келет. Бул жолу Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев АКШ базасын чыгаруу маселесин парламентте көтөрүп чыкканы турат. Анын айтымында, АКШнын аскерий базасы өзүнүн миссиясын аткарып бүттү, Ооганстанда мамлекеттик органдар кадыресе иштей баштады. Демек базанын да зарылчылыгы калбай калды:

- Биз баягы башынан айтып келаткан коркунучтар пайда болуп атпайбы. Биздин тынч, согушка катышпаган мамлекетте куралдуу күчтөрдүн жайгашканы ылайыксыз, мындай учурда сөзсүз бир нерселери чыгып кетиши мүмкүн дагы зыянга алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн адамдар жашаган жерде өткөндөгүдөй куралдардын табылышы ойго ар кандай нерселерди пайда кылып атат. Негизи, бул база өзүнүн ишин аткарды, максатына жетти. Эми ырахмат айтып, жакшынакай кетириш керек.

Ошентсе да Ооганстанда абал дале кооптуу, Кыргызстанга азыркы тапта бул база керек деген тарап, жогорудагыдай демилгени коммунисттердин көтөрүп чыгуусуна эч таң калбоо керектигин, анткени алардын башынан АКШ менен идеологиялык карама-каршылыктары бар экендигин айтышууда. Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимовдун айтымында, акыркы кездери Орусиянын жогорку төбөлдөрү өзүлөрү Ооганстандагы абал кооптуу экендигин жарыя кылышууда. “Андыктан, Кыргызстанга АКШ өкмөтү өз базасы үчүн чоң каражат төлөп жаткан чакта, эмне себептен Канттагы база төлөбөйт деген суроо калкып чыгат”,- дейт Б.Бешимов:

- Коммунисттердин муну көтөрүп чыгып атканына эч таң калбаш керек. Анткени алардын негизги идеологиясы ушундай. Алар СССРди кайра алып келип, АКШны душман катары тааныгысы келишет. Экинчи, курал табылганы боюнча расмий түшүндүрүү берилбеди беле. Алар биздин расмий тараптардын чакыруусу менен келген америкалыктар. Алар ошол курал-жарактарды атайын келишимдин негизинде алып келишкен.

Саясат талдоочулар арасында да Кыргызстандагы АКШ базасы менен Орусиянын Кант аба базасы тууралуу пикирлер ар түрдүү. Кыргызстан чакан, кичинекей өлкө болгондуктан эки тараптын бирөөнө да тартпай, бирдей саясат жүргүзүү керектигин, базалар маселесинде да ушундай принципти тутунуу пайдалуу болорун айткандар бар. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, база маселесинде деле Орусияга ыктоо туура болот. Анткени, бүгүнкү күндө жарым миллиондун тегерегиндеги кыргызстандыктар Орусияда жан багып жүрүшөт:

- Кыргызстанда стратегиялык тышкы саясат көп векторлуу деп атышпайбы. Бул көп векторлуу тышкы саясат деген өтө кубаттуу экономикасы бар, бийик, күчтүү өлкөлөргө таандык. Биздей майда мамлекеттерге мындай нерселерди айткан менен аны ишке ашыра албайбыз. Ошондуктан биздин мамлекет Орусия менен бирге болушу керек. Анын үстүнө кыргыздын өз кызыкчылыгы Орусия менен бирге болгула деп атпайбы. Миллионго жакын мекендештерибиз Орусияда иштеп, кыргызстандын экинчи бюджетин түзүп атышат.

Ошентсе да Орусияга жакындоо кайрадан авторитардык империянын кучагында калуу дегенди билдирерин айткандар базалар тууралуу бир жактуу бүтүм чыгарууга шашылбоо керектигин белгилешет. Саясий ишмер Өмүрбек Абдрахманов, Кыргызстан демократиялык өлкө болууга умтулуп, оболу экономикасын чыңдоого багытталган саясат жүргүзүп, азырынча базаларга тийишпей туруу керектигин айтат. Дагы бир саясий ишмер Эмил Каптагаев мындай дейт:

- Бул жерде биз орустарга жакындайбыз деп АКШнын базасын чыккыла дегенибиз, же АКШга жакындайбыз деп орустардын базасын чыгарып кеткиле дегенибиз туура эмес болуп калат. Бирдей мамиле кылып, ашыкпоо керек.

XS
SM
MD
LG