Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

БЕСЛАН ТРАГЕДИЯСЫНА ТӨРТ ЖЫЛ ТОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва Түндүк Осетияда шаршемби күнү 2004-жылы күздө Бесланда болгон террактын курмандыктарын эскерүү өттү. Аза күтүү каадасы террорчулар басып алган мектепте алгачкы жардыруу болгон, күндүзгү саат бирден беш мүнөт өткөндө башталган. Жарым-жартылай кыйрап калган ээн мектепке эки миңдей киши келишкен. Мектеп окуучулары терракта курман болгондор эсебине келген 330 ак шарларды асманга учурушкан.

Москвада оппозиция уюштурган ал күндү эскерүү митингиси метронун «Чистые пруды» станциясынын алдында өткөн. Ал жерге чогулгандар алдында теракта курман болушкандар аттарын атап өтүү болгон. Митингге келгендер көтөргөн ураандарда «Бесландын кайгысы – биздин кайгы» жана «Без унчукпасак Беслан кайра да кайталанат» деген жазуулар болгон.

«Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай бесландык №1 мектептин короосуна орнотулган коңгуроону кагуу менен бүтүндөй Түндүк Осетияда бир саамга үн катпай туруу каадасы башталган.

Бул күндөрү Түндүк Кавказда болуп жаткан калабага карабай мындан төрт жыл мурда Бесландагы барымтага алынган мектепке федералдык аскерлердин чабуулу маалын эскерүү болуп өткөн. Мектепте барымтада калгандар ичинен, ал жолу, ырасмий булактар таркаткан маалыматта 331 жан бөйдө жерден ажал тапты деп айтылат.

2004-жылы сентябрдын биринен үчүнө дейре уланган ошол калаба учурунда пайда болгон коомдук уюм «Беслан үнү» ал кан жуткузган барымтага алуу учурунда күнөө мүлдө кол салгандар тарапта дешине маакул болбой келет. Ал уюм мүчөлөрү ал жолку кайгылуу окуяга башкы күнөөлүү киши - ошол кездеги Орусиянын президенти Владимир Путин дешет.

«Беслан үнү» уюмунун жетекчилеринин бири Элла Кесаева:

- Биз Путиндин кылмыш жообуна тартылышын жана 2004-жылы 1-сентябрдан 4-сентябрь күндөрү анын ишинин күн тартиби кандай болгонун билүү максатта тергелишин өтүнгөнбүз, бирок орусиялык башкы прокуратура биздин арызды карабай келет.

Мектепке чабуул жасаган учурда аны танк менен аттыруу кыйланы кырып салды дешет. Көз карандысыз адисттердин иликтөөсү буга окшогон кыйла фактыларды тапты дешет. Алардын бири Мамдуманын мурдагы депутаты Юрий Савельевдин келтирген далилдери деп айтышууда.

Ал эми ырасмий уюшулган, эки палатанын өкүлдөрү катышкан, Беслан кайгылуу олкуяны иликтөө комиссиясынын төрагасы Александр Трошин айтканга караганда: «Савельев келтирген мисалдар жетишсиз. Окуя кантип өнүккөнү толук изилденген. Мектептеги жардырууну террорчулар биринчи баштаган».

Анда эмне себептен танктан ок атууга уруксат берилди деген суроону карманган Элла Кисаева, күнөө ошол буйрукту бердирткен кишиде дейт.

XS
SM
MD
LG