Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Түркиянын президенти Абдуллах Гүл ушул ишембиде Арменияга барат


Бул Ереванга сапар жасаган биринчи түрк мамлекет башчысы болуп калмакчы.
Анкарадан алынган маалыматка караганда, президент Гүл Ереванга Армениянын президенти Серж Саркисяндын чакыруусу боюнча футбол боюнча 2010-жылда болуучу дүйнөлүк чемпионатка тандоо матчын көрүү үчүн бармакчы. Анын сапары Осман империясында бир жарым миллион армян кырылгандан кийин дээрлик жүз жылдан бери келаткан касташуудан кайтууга маанилүү кадам болуп калмакчы. СССР кыйрагандан кийин эгемен өлкө болуп калган Армения менен дипломатиялык мамиле түзүүдөн Түркия баш тартып келатат.

XS
SM
MD
LG