Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

АКШ Грузиянын экономикасын көтөрүүгө бир миллиард доллар бөлөт


Бул жөнүндө АКШнын президенти Буш жарыя кылды. Бөлүнгөн каражат Россия менен кыска мөөнөттөгү согушта Грузиянын алсырай түшкөн экономикасы менен бузулган инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жумшалат. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс жардам Грузиянын биринчи кезектеги керектөөлөрүнө жумшаларын билдирди:
«Биздин өкмөт Конгресс менен тыгыз иштеп бир миллиард доллардын 570 миллионун биринчи фаза менен 2008-жылдын аягына чейин берет. Биз ошондой эле Кошмо Штаттар өзүнүн милдеттенмесин аткаруудан тайбай эки партиянын колдоосу менен экинчи фазада калган 430 миллионду да берет деп ишенебиз»,-деди Кондолиза Райс.
Мындан сырткары Эл аралык Валюта Фонду дагы Грузияга 750 миллион доллар көлөмүндө каржылык колдоо көрсөтүүгө макул экенин билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG