Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

10:25 Депутат И.Масалиев “Манастагы” авиабаза боюнча маселени козгоодо


Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев Бириккен күчтөрдүн авиабазасынын “Манас” аба майданында жайгашуусунун максаттуулугу боюнча маселени Жогорку Кеңештин сентябрь айындагы күн тартибине киргизүү сунушу менен чыкты. Бирок бул маселеге айрым депутаттар дароо эле каршылыгын билдиришти. Парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков болсо бул өтө кылдат маселе экенин, аны кароо азырынча эрте экенин айтып чыкты. Исхак Масалиев мындай сөздөрдөн соң бул маселени артка жылдырууга макул болуп, ал сентябрь айынын күн тартибине кирген жок.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG