Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14
“Эксперт Казакстан” маалымат булагына берген америкалык серепчи Фредрик Старрдын интервьюсун “Борбор Азия” жаңылыктар кызматы көчүрүп басты. Фредрик мырзаны геосаясат деген анча кызыктырбастыгын, бирок Борбор Азия аймагы деген Евроазиянын так чордону болорун, тарыхый көз караштардан алганда деле түндүк-батыш Индия да Борбор Азия аймагынын бөлүгү эсептелерин, кыскасы бул аймакка баа бергенде туура аныктама берүү зарылдыгын, ааламда буга чейин бир дагы сырткы күчтөр Борбор Азия менен эсептешпей келбегенин, демек аны кайдагы бир майда-чүйдө чөлкөм менен салыштырууга болбой тургандыгын, Чыгыш менен Батыштын цивилдүү тарыхында Борбор Азиянын орду зор экендигин, ошондуктан урматтоо менен мамле кылуу керектигин айткан.

Эксперт ошону менен бирге эле дүйнөдө бүгүн дал ушул аймакты бөлүштүрүү аракеттери жүрүп жатканын, мындай опуртал оюндун башында Орусия турарын, бул деген азырынча орустардын “пост-колониалдык похмели” (баш оорусу-авт.) тарай албай келаткандыгы менен түшүндүрүлөрүн, акыры океңдердин да похмели тарарын, анан гана түшүнөрүн, бүгүн Батыш да, Америка да Борбор Азияны өз империясынын карамагына кошуп алууну эмес, ушул өлкөлөрдүн кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөсүнө таянбай, өз жашоолорун өзүлөрү жашашы керектигине жардам берүүнү көздөп жаткандыгын айткан.

Америкалык эксперт буга байланыштуу Кытай эксперттери менен да пикир алышканын, алар да Борбор Азия өлкөлөрү өз тагдырын өздөрү каалагандай аныкташына каршы эместиктеринсөз кылып, мындайга Кытай кийлигишпестигин билдиргенин, тилекке каршы буга Орусия гана макул болбой, Борбор Азия өлкөлөрү өз тагдырын Орусия менен Кытайдын, АКШ менен Индиянын же Ирандын катышуусусуз аймактык уюм түзүүгө укугу жок деп эсептээрине өкүнөрүн кошумчалаган.

Ушул эле маалымат кызматы “Газета” басылмасынын баяндамачысы Александр Дубновдун “Ташкен Орусияны биринчилерден болуп таштап кетет” деген интервьюсуна орун берди. Жакындагы жолугушууларынын биринде орус өкмөт башчысы В. Путин өзбек президенти И. Каримов приоритеттүү өнөктөш экендигин, мындай киши менен кайгуулга да чогуу барса болорун айтканын мисалга тарткан Дубнов мырза, мунун баары Кавказ окуяларына байланыштуу жасалып, жакынкы коңшулардын ачык колдоосуна ээ бол албай калгандан кийинки айла-амалдар аракети болуп жатканын белгилеп, ал эми Батышты көздөй багыт алган Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бүгүн Өзбекстан лидер катары саналарын, Маскөө муну жакшы түшүнүп турганын, Өзбекстан акырындык менен “Анжыян синдромунан” кутулуп, өз келечеги туурасында ойлой баштаганын, деги эле азыркы кезде Борбор Азия өлкөлөрүн “ким менен болуу керек?” деген маселе ойлонтуп жатканын, ошентип Өзбекстан акырындык менен багытын алмаштырат деп айтты. “Путин И.Каримов менен кайгуулга барса да болорун каңкуулабадыбы же бул мындай жолугушууларда боло жүргөн сөз амалыбы ?” деген суроого В. Дубнов ал деген саясый фразеологияга кирерин, азыр Өзбекстан да Түркмөнстан сыяктуу эки жактын “колу” менен ойноп жатканын, турмуш ырастагандай мындай оюн жакшы натыйжаларды берип келатканын кеп кылган.

“Азаттыктын” окурмандарына жагымдуу бир жаңылыкты айта кетели. “Азаттык” үналгысындагы Бишкек бюросунун Чүй дубаны боюнча өз кабарчысы Жазгүл Жамангулова “Шериктештердин дебюттары” аттуу 35 жашка чейинки жаш акындардын эл аралык сыйлыгынын тизмесине киргенин “Взгляд” гезитине шилтеме кылуу менен “Акипреss” маалымат агенттиги таратты. Кыргызстандын жаш акындарынын арасынан тандалып чыгып, тизмеге киргендерге сыйлык тапшыруу салтанаты ушул жылдын 18-20-сентябрында Тажикстандын борбору-Дүйшөмбү шаарында өтөт. Ал эми ага дейре Маскөө шаарында, 9-сентябрда лауреаттардын аттары аталат. Жазгүлдүн акындык алгачкы кадамынын ийлгиликтүү башталышы менен куттуктай кетели.

Ушул эле маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандык эксперт Рыскул Усубалиев Кыргызстандын аймагында республиканын жалпы аянтынын 4 пайызын түзгөн 7 628 мөңгү барын, тилекке каршы аба-ырайынын кескин жылый башташынын аркасы менен алардын ээлген аянты кийинки 30 жыл ичинде 14-15 пайызга азайганын, бүгүн деңиз деңгээлинен 3 миң 800 метр бийиктикке жайгашкан мөңгүлөрдү сактап калууга мүмкүн болбой калгандыгын, эгер ушул ылдамдык менен кете бере турган болсо Кыргызстан мөңгүлөрүнүн 50-70 пайызынан ажырарын, быйылкы жылы күн ысык болгондугуна байланыштуу мөңгүлөр сууну көп бөлүп чыгарганын баяндаган.
XS
SM
MD
LG