Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

12:51 Оппозиция эл арасында бийликке нааразылыктар көп экенин эскертүүдө


Бул тууралуу оппозиция өкүлдөрү бүгүнкү маалымат жыйынында белгилешип, мындай шартта нааразылык акциялары болушу ыктымалдыгын эскертишти. Алар жакында эле жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп келишкенин, эл арасында өлкөдө оң жагына өзгөрүү болбой, баалардын кымбаттап жатышына, энергетикалык кризиске байланыштуу бийликке нааразылыктар көп болуп жатканына күбө болушканын айтышты. “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин баамында, эгер мындай нааразылык чаралары башталчу болсо, толкундоолор дал ошол жер-жерлерден чыгышы ыктымал, анткени эл өзгөрүүлөрдү күтүүдөн чарчады.(SM)

XS
SM
MD
LG