Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

ТҮНДҮК КАВКАЗДАГЫ КОЗГОЛОҢЧУЛАР АЗЕРБАЙЖАНГА БАШ БАКТЫ


Соңку он жылдын аралыгында, анын ичинде 1994-96-жылдары Чеченстандагы биринчи согуш учурунда чечендердин куралдуу козголоңчулары Түндүк Кавказдын башка чөлкөмдөрүнө да тараган эле. Бул аймакта куралдуу каршылыгын токтотпой жаткан согушкерлер эми Азербайжандын аймагына да баш бакканы маалым болду.

Чеченстандагы согуш күчөп турган учурларда куралдуу каршылык көргөзүүгө тартылгандар ириде Дагестан менен Ингушетиянын аймагына жайылып кеткен. Аларды Кабардин-Балкар республикасынын аймагынан да учуратууга болор эле. Согушкерлердин чакан очоктору Түндүк Осетия менен Ставрополь крайында да болчу.

1990-жылдардын соңунда Руслан Гелаев деген колбашчыга баш ийген чечен согушкерлери Чеченстан менен Грузия ортосундагы чек арадан такай ар бери каттап, алтургай Грузиянын Панкиси капчыгайында өзүлөрүнүн базасын да түзүп алган эле. Бирок 2004-жылы колбашчысы Гелаевдин жок кылынышы менен чечен жикчилери ал жерден сүрүлүп чыгарылган.

Бирок козголоңчулардын Азербайжандын аймагына өткөнү биринчи ирээт катталып олтурат, дейт "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Кавказ боюнча аналитиги Лиз Фуллер:

- Каршылык көргөзгөндөр Дагестандан түштүктү, Азербайжанды көздөй тараганы тууралуу азыркыга чейин маалымат болгон эмес. Анткен менен быйыл 1-сентябрда азербайжандык day.az интернет сайты өлкөнүн күч мекемелеринин аты аталбаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме берип, 25-августа Ички иштер министрлигинин атайын бөлүктөрү Дагестандан Азербайжандын Гусар районуна кирип келген төрт шектүү согушкерди табуу үчүн моблизацияланганын кабарлады.

Ал маалыматка караганда, Азербайжанга өтүп келген согушкерлер 29-август күнү Гусар районунун Хезр деген кыштагынын жанынан табылган, бирок кармоону көздөгөн азербайжандык күчтөрдөн караңгылыктан пайдаланып, кутулуп кете алышкан. Аларды көздөй ок атып, граната ыргытып, коопсуздук күчтөрүнүн бир өкүлүн да жарадар кылышкан.

Азербайжандын day.az интернет сайтынын жазганына караганда, ал согушкерлер "Токой бир туугандары" деген топко таандык. Дагестандык бул топ Илгар Моллачиев деген адам тарабынан башкарылат. Ал теги боюнча Азербайжандын Закатала районунан. "Азаттыкттын" аналитиги Лиз Фуллердин айтымында, жогорудагы ысым мурдараак Дагестандын полициясы жарыялаган "Элгар Малачилов" деген ысымга дээлик үндөш келүүдө. Ал, Дагестандын полициясынын ырастоосунда, мурда жергиликтүү жамаатта 2007-жылы сентябрда каза тапкан колбашчы Раппани Халлиловдон кийинки экинчи адам болгон.

Быйыл январда болсо Дагестандын түштүгүндөгү Дабасаран районунда полиция менен атышууда үч жаш согушкер жок кылынган эле. Дагестан полициясы жок кылынгандар, "Малачилов" баштаган топко тиешелүү жана теги боюнча Дербент шаарынан экенин билдиришкен. Дербенттин жүз миңдей тургунунун эң чоң улуттук тайпасы азербайжандар деп эсептелинет.

Айтор кандай болгон күндө да "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кавказ боюнча талдоочусу Лиз Фуллердин көз карашында, түндүк кавказдык согушкерлердин Азербайжанга баш багуусунан азырынча бир жактуу жыйынтык чыгаруу эрте:

- Өткөн аптадагы кол салуу Түндүк Кавказдагы козголоңчулардын таасир көргөзүү чөйрөсүн Орусиядан тышкаркы аймактарга жайылтуу боюнча биргелешкен аракетинин башталышы деген тыянак чыгаруу азырынча эртелик болмок. Менин болжолумда алар жөнөкөй эле вазийпа менен, эгер азери бийликтерине чындап кол салууну чечишсе, жергиликтүү элден кандай колдоо аларын аныктоо аракети менен гана барышкандай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG