Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Н.БАЙБОЛОВА: МЫЙЗАМ БУЗМАК ТУРГАЙ КЫЛМЫШКА БАРГАН ДЕПУТАТТАР БАР


Маектешкен Рита Нурмамбет кызы, Ысык-Көл Бишкек шаардык Кеңешинин мурунку төрайымы Нуржамал Байболова 5-октябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпайт. Анын себептери тууралуу депутат “Азаттыктын” Ысык-Көлдөгү кабарчысы Рита Нурманбет кызына берген маегинде айткан.

- Нуржамал айым, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жарыялангандан бери жаңы шайланган депутаттар шаардык же райондук мамлекеттик бийликке көз каранды болбош керек деген талап-сунуштар көп. Сиздин Бишкек шаар кеңешинин төрайымындыгынан кетишиңизге бийликтин кысымы себеп болду деген сөздөр айтылды эле. Сиз жалгыз добушуңуз менен чечим кабыл алууга таасир эте алат бекенсиз?

- Түпкүлүгүндө менин идеямды колдогон санаалаштарым бар бирок пенделик кылып унчуга албай жатышат. Анткени бүгүнкү жашоодо ачык айтуу, каалагандай жашоо жок болуп калбадыбы. Коркутуп-үркүтүү деген чыкты.

- Сиз 5-октябрда боло турган шайлоого катышасызбы?

- Жок, бизде шайлоо мыйзамы бузулган, ал эми жок мыйзамдарга курулай үмүт арткым келбейт. Элден 99 пайыз добуш алсак да Байболова өтпөйт. Өздөрү каалагндай жасап коюшат, декабрдагы парламенттик шайлоо эсиңиздеби. Ошондуктан шайлоонун акыйкат өтөөрүнө ишенбейм, демек мындай шартта шайлоого катышууга көңүлүм да жок.

- Муну менен сиздин коллега-депутаттар да мыйзам бузуп жатат дейсизби?

- Бишкек шаардык кеңешиндеги депуттардан мыйзам бузмак тургай кылмышка баргандар бар. Буюрса, ким кандай депутаттык кызматын пайдаланды, ошолордун баарынын жүзүн шайлоо өнөктүгү жакындаганда ачам.

- Сизде далилдүү негиздер барбы?

- Кудай урбадыбы, баардык депутаттар чогуубуз менен бизнесибизди жаап, байып атабыз деп шурудай тизип кол койгон, өздөрү мойнуна алган кагаздары бар. Ага мени да кошуп Данияр Үсөнов менен бирге мага көө жабабыз деген. Андай шантаждан коркуп да койгон эмесмин. Ошол документ кагаздарды шайлоо марасы башталганда тиешелүү органдарга жана элге расмий жарыялайм.

- Нуржамал айым, маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG