Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

17:35 Ысык-Көлдөгү дан эгиндеринин түшүмдүүлгү быйыл 7 центнерге төмөндөдү


Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн быйыл көлдүктөр буудай аянтын 10 миң гектарга көбөйткөн менен андан түшүм өтө аз алынды. Облустук айыл чарба башкармасынын жетекчиси Жолдошбек Байсеитовдун маалыматы боюнча жалпы 9300 гектар дан эгиндеринин 35 миң гектары жыйналып бүттү. Бирок кургакчылыктын кесепетинен түшүмдүүлүк 14,1 центнерден гана айланып, өткөн жылдан 7 центнерге аз. Ал эми облуска негизги данды бере турган Түп районунун Михайловка, Ысык-Көл, Тогуз-Булак айыл өкмөттөрүнүн буудай аянттары гектарына 6 центнерден гана түшүм берди. Бул эгин аянтынын түшүмдүүлүгү өткөн жылы 19 центнерди көрсөтсө, быйыл көпчүлүк жерлериндеги эгилген эгин комбайнга илинбей калды. Анткени эгиндин сабагы чоңое электе баш алып кетип, чабыкка жараган жок. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG