Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

14:40 Авиакырсыктан курман болгондордун генетикалык мүнөздөмөсүнүн жыйынтыгы качан чыгаары белгисиз


Авиакырсыктан курман болгон кыргыз жарандарынын Иранда текшерилип жаткан генетикалык мүнөздөмөсүнүн алгачкы жыйынтыктары 6-сентябрда алынышы мүмкүн. Ага 3-сентябрда Ирандын идентификациялоо борборундагы жабдыктардын бузулуп калышы себеп болгон. Буга байланыштуу генетикалык аныктоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болбой, ошол эле күнү аныктоо иштерин кайра кайталап жүргүзүү башталган. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

24-августтун кечинде Бишкек-Тегеран багыты боюнча сапар алган “Боинг-737” учагы “Манас” аба майданынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй, баш калаага жакын жердеги Жаңы-Жер айылынын аймагына конууга аргасыз болуп, жерге түшкөн соң күйүп кеткен эле. Бул кырсыктан учактагы 90 адамдын 65и курман болгон. Курман болгондордун көпчүлүгүнүн сөөгүн таануу кыйын болгондуктан, генетикалык аныктоо үчүн алардын ДНКларынын үлгүлөрү 29-августта Тегерандагы лабороторияга жеткирилген. (SM)

XS
SM
MD
LG