Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Бүгүн Бишкекте ишкерлердин таламын талашкан бирдиктүү топ атайын билдирүү менен чыгып, бийлик өкүлдөрүн бизнес чөйрөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ишкерлерди колдоого чакырышты. Алардын айтымында, салык кодексиндеги кемчиликтер, ишканаларды байма-бай текшерүүлөр жана бизнес чөйрөсүнүн мыйзам тарабынан жакшылап корголбогондугу экономиканын өспөй, инвесторлордун келбей жаткандыгынын негизги себептери болуп жатат. Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо, чынында салык кодексинде кемчиликтер кала берип жатканын, президенттин ишкердик жайларды текшерүүгө мораторий жарыялаганына карабай андан кыйгап өтүүнү каалагандар бар экендигин, өкмөт бул жаатта иштеп жатканын айтышууда.

Ишкерлердин башын бириктирген ар кыл бирикмелердин өкүлдөрүнүн атайын билдирүү менен чыгышына бир катар себептер бар. Алардын айтымында, экономиканы өргө тартуучу чакан жана кичи ишкердикке дале ыңгайлуу шарттар түзүлбөй, ишкердикти колдоого багытталган мыйзамдык база чийки бойдон калып келатат. Мунун айынан инвесторлор да келүүдөн чочулап жатышканын айткан ишкерлердин өкүлдөрү, бийлик өкүлдөрүн бул кенемтени тез арада толтурууга чакырышты. Антпесе, өлкөбүз өнүкпөйт, элдин жашоосу жакшырбайт дешет алар. Бизнес бирикмелеринин улуттук альянсынын координатору Марат Жаанбаев мындай дейт:

- Ишкерлердин орчундуу маселелерин көтөрүп, ошолорду аягына чейин чечели деп жатабыз. Биринчиден, бул - салык кодекси. Салык кодекси бул ишкерлер үчүн конституция да болуп кетет эмеспи. Мамлекет салык кодекси аркылуу ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Экинчи маселе, былтыр Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттардын демилгеси менен текшерүүлөр боюнча мыйзам кабыл алган болчу. Ошол мыйзам жакшы демилге болгон. Бирок ошол соңуна чыкпай калды, ошону аягына чыгаралы деп жатабыз. Үчүнчү маселе, башка бирөөнүн жеке мүлкүн мыйзамсыз басып алуу же “рейдерлик”. Ушул маселелер чечилсе деп жатабыз.

Андан тышкары бизнес өкүлдөрү акыркы кездердеги электр жарыгынын өчүрүлүп жаткандыгына тынчсыздануусун билдиришти. Алардын эсебинде, күн сайын электр жарыгынын өчүрүлүп жаткандыгынын айынан, миңдеген чакан ишкерлер кирешелеринен куру калып, кыйласы карызга батып, иштери бүлгүнгө учурады. Андыктан, мындай учурларда казынанын эсебинен тыштан электр энергиясын сатып алып, ишкерлерге толук шарт түзүп, алар төлөгөн салыктардын эсебинен сатып алынган электрдин акчасын жабууга да болот эле деген пикирлер айтылды. Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кадырбаев төмөнкүлөргө токтолду:

- Ишкерлер чет өлкөлөргө көп чыгышат. Алар чет жактарда кандай жашап жатышканын көрүшөт дагы өздөрүнө суроо беришет. “Эмнеге биз алардай жашай албайбыз?”,-деп. Бул ар бир адам ойлонгон жөнөкөй эле суроо. Бирок бардыгы биздин колубузда, биз азыр эртең уят болбогондой чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Мен кечээ кошунам менен сүйлөшүп калсам, ал бул жакта келечегин көрө албай жатканын айтты. Бул өтө коркунучтуу. Менимче бул өтө реформаторлук чечимдерди кабыл алуу керектигин көрсөткөн белги. Ишкерлер жакшы жумушчу орундарын түзүп, мыкты айлык-акыларды беришсин десек, аларга абдан жакшы шарт түзүзүбүз керек. Биздин ишкерлердин кетишин эмес, чет өлкөлүк ишкерлердин келишин шартташыбыз зарыл.

Бийлик өкүлдөрү болсо, ишкерлерге шарттарды түзүү жаатында иштер жүрүп жатканын, өзгөчө президенттин ишкерлик объекттерин текшерүүгө мораторий жарыялоосун баса көрсөтүшүүдө. Ошол эле учурда андан кыйгап өтүп, текшерүүлөрдү улантып жаткан органдардын кызматкерлери кездеше калып жатканын да айтышууда. Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин алдындагы Салык саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Айдаралиев мындай дейт:

- Салык кодексинде чынында анча-мынча кемчиликтер бар. Азыркы жаңы редакциясында жөнөкөйлөштүрүү максатында салыктын 16 түрүн кыскартып, 8 гана түрү калганы жакшы көрүнүш. Бирок ошол эле учурда сатуудан алынган салыктын жүгү оорураак болуп калды. Анткени бул кыйыр салык да. Оорураак болуп калды дегеним, бул мурдагы үч салыктын түрү кирип атат да. Ошол жалпы үч салыктын биргелешкен базасы 3 миллиард сомдун тегерегинде болсо, азыркы жаңысында соодадан алынган салык бери болгондо салыктын жүгүн 15 миллиард сомго салыктын жүгүн көбөйтөт.
XS
SM
MD
LG