Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

КЫРГЫЗСТАН КАВКАЗ ЖАҢЖАЛЫНА АРТЫН САЛДЫБЫ? (талдоочулардын баасы)


КМШга төрагалык кылып жаткан Кыргызстандын орус-грузин чатагына принципиалдуу позициясын билдирбегени айрым талдоочулардын сынына кабылууда. Саясий серепчилер ШКУнын жана ЖККУнын алкагында Кыргызстандын бүдөмүк позициясы өлкөдө АКШнын аскерий аба базысынын жайгаштырылышы менен байланыштырууда. Кыргызстандын бир кылка эмес саясаты региондо коопсуздукту камсыз кыла турган эки уюмдун - ШКУнун жана ЖККУнун жоюлушуна алып келет деген кооптонуулар айтылууда. Анткен менен Кыргызстан Кавказ жаңжалына окшогон маселелерде эч бир тарапты колдобогон, бейтарап саясатты жүргүзүп жатканын колдогондор да жок эмес.

Абхазия жана Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган Орусия 28-августта Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өткөн ШКУ саммитинде бул маселе боюнче колдоо күткөн. Бирок расмий Москва азиялык шериктештеринен толугу менен колдоо таппаганы ар кыл маалыматтарда айтылды.

Талдоочу Леонид Бондарец Түндүк Кавказдагы чатак жана соңку кырдаалдын өнүгүшү боюнча КМШ да, ЖККУ да принципиалдуу позициясын билдирбегени уюмда төрагалык кылган дал ушул Кыргызстандын айынан болду:

- Менин оюмча биздин өлкөнүн мындай позициясы америкалыктардын жайгашуусу менен байланыштуу. Маселен массалык маалымат каражаттарын алып карасак деле, АКШ жөнүндө кандайдыр бир маалыматтар ШКУ жана ЖККУ боюнча өнөктөштөрүбүз болгон Орусия, Кытай, Казакстан сыяктуу мамлекеттердин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтан кадыресе көбүрөөк айтылып жатат. Менин оюмча Кыргызстандын ШКУ жана ЖККУнун алдында жооп берүү маселесин көтөрүү мезгили келди.

Бондарецтин белгилешинче, Кыргызстандын коопсуздугун ШКУ жана ЖККУ гана камсыздай алат. Кыргызстанга АКШнын жарыгы эч качан тийбестигин Түштүк Осетиядагы окуялар көрсөтүп койду.

Кыргызстанда жашаган орусиялык дагы бир эксперт Александр Князев Түндүк Кавказдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жеке позициясынын жоктугу бул өлкө эл аралык саясатта объект эмес, субъект катары кабыл алынып жатканын дагы бир жолу айгинелегенин айтат:

- Бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттери кармап турган позициясын дүйнөлүк саясатта мен жөн гана “сойкулук” деп баалайт элем.

Орусиялык талдоочунун айтымында, окуянын өнүгүшү Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигин бараар жолун, багытын аныктоого мажбурлап жатат.

Анткен менен талдоочулар арасында, жалпы коомчулукта, дүйнө лидерлеринин көңүл чордонунда турган орус-грузин чатагында кимиси күнөөлү, кимиси курмандыкка чалынды, чатакты жөнгө салууда башка мамлекеттердин ролу кандай болду деген өңдүү маселелелер чоң талаштарды жаратып келаткан кези.

Маселен, эл аралык байланыштар боюнча эксперт Аскар Мамбеталиев ШКУ, анын ичинде Кыргызстан Орусиянын мисалындай Грузиянын жикчил аймагы болгон Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгы боюнча кабыл алган чечимин туура деп эсептейт:

- Кыргызстан Орусияга каршы ачык чыга албайт, ошону менен катар ШКУ, ЖККУ сыяктуу уюмдарга мүчөбүз деп эле орустарга кошулуп алып АКШны жамандай бере албайбыз. Биздин суверендүүлүк башталгандан бери бизге өнүккөн, демократиялык өлкөлөр гана жардам берип келатат, ал эми Орусия эч жардам берген жок.

"ШКУ Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган күндө да Орусияга бул упай кошпойт", - дейт Аскар Мамбеталиев:

- Кандай болгон күндө да Орусия уттурат. Мейли, алар бул эки аймакты тааныды, тарыхта буларды тааныган Орусия эле болду деп кала бермекчи. Бирок чыныгы утулушка абхаздар менен осетиндер дуушар болушту. “Аңгектен качсаң дөңгөккө” дегендей булар Грузиядан качып эң авторитардуу өлкө - Орусиянын карамагына кирет, эркиндик эмес, алардын кулу болуп калат. Менин оюмча Путин менен Медведевдин максаты-ошол жердеги өздөрүнүн кылмыш иштерин жаап-жашырып, өздөрүнүн баркын көтөрүү гана. Эми ошол кылмыштуу иштерин жашыруу аракетине бизди да кошкусу бар.
XS
SM
MD
LG