Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Украинада президенттин партиясы башкаруучу коалициядан расмий чыкты


Президент Виктор Ющенконун партиясына кирген парламент депутаттары башкаруучу коалициядан чыкканын расмий түрдө бүгүн жарыялашты. Буга премьер-министр Юлия Тимошенконун партиясы президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу үчүн парламенттиги оппозиция менен биригип кеткени түрткү берди. Эми жаңы коалициянын түзүлүүсү үчүн 30 күндүк мөөнөт бар, болбосо мыйзамга ылайык жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Премьер-министрдин партиясы президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, тескерисинче өкмөт башчысыныкын кеңейткен мыйзамды кабыл алуу үчүн парламенттеги оппозиция менен ушул шейшембиде бириккен. Президент Виктор Ющенко муну Конституцияга каршы келген кадам катары баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG