Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

КОСМОСКО КИШИ УЧУРУУДА АКШ 5 ЖЫЛ ОРУСИЯНЫН КӨЗҮН КАРАЙБЫ?


Кошмо Штаттарынын учурдагы космос чөлмөктөрүнүн учуу мөөнөтү 2010-жылы аяктайт. Ошондон кийин өлкөнүн космос агенттиги НАСА беш жыл бою адам баласын Жердин орбитасына чыгара албайт. Бул боштукту толтурууга бир гана Орусиянын дарамети бар. Бирок Грузияга байланыштуу алакалар кескин начарлаган убакта АКШ менен Орусиянын космос кызматташтыгы да бүдөмүк болуп турган чак.

2003-жылы АКШнын Колумбия чөлмөгү кыйрап, ичиндеги астронавттары менен талкаланып түшкөндөн кийин, иликтөө учурунда кыйроо чөлмөктүн жасалышындагы кемчиликтин кесепети болгондугу аныкталган. Ошондон кийин насачылар Арес менен Орион деген аталыштагы жаңы чөлмөктөрүн жасоого киришкен.

Бирок жаңы чөлмөктөр учуруу 2015-жылга пландалган, анын аралыгында грузин чатагына байланыштуу Вашингтон менен Кремлдин ортосундагы алакалардын температурасы кескин түшүп кетип, мухиттин ары жагында эми космос кызматташтыгынын жакынкы келечеги кантет деген түйшөлүү күчөдү.

Космоско киши учуруу жеңил, кайра алып келүү кыйын. Жол акысы төлөнсө, АКШ, Европа, орус, индус жана башка космос кемелери жүктү орбитага чыгарып берет. Бирок адам баласын учуруп, аны орбитада турган Эл аралык космос кемесине АКШ менен Орусия гана жеткире алат. Кытай 2003-жылы биринчи космонавтын учурган менен, бул өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү. Анын үстүнө Кытай НАСА, европалык ЭСА, «Роскосмостон» башка иш алып барат.

Алдыдагы 2-3 жылдан кийин, Кошмо Штаттары чөлмөктөрүн учурууну токтотсо, ошону менен Эл аралык космос бекетине баруучу жол Орусиянын көзөмөлүндө калат.

Ушуга байланыштуу америкалык Статфор изилдөө институтунун комментарийинде Кошмо Штаттары кандай кыйынчылыктарга туш болоору талданат. Ага ылайык, АКШнын космосто турган өтө маанилүү жана өтө кымбат аскердик чалгын ракеталары кароосуз калмакчы. Эгер Орусия менен кызматташттык үзгүлтүккө учураса, 2015-жылга чейин тажрыйбалуу астронавттарды тийиштүү даярдыкта кармап туруу маселеси жаралат.

Стратфордун комментарийинде айтылгандай, НАСА учурда жогоруда аталган Арес жана Орион чөлмөктөрүнүн үстүнөн ишин улантууда. Бирок Арес чөлмөгүн жасоодо НАСА пландагыдан жөнөкөй технологияны азыркысы менен айкаштырып, ишти тездеткен күндө да, 2010-жылдан ары аз эле дегенде эки жыл америкалыктар кеме учура албай калышмакчы.

Ошол эле учурда, 2015-жылга карата НАСАнын космос кемелерин учуруу иштери жолго коюлуп, алардын коопсуздугу бекемделүүгө тийиш. Ошондой эле, бул кемелер америкалык астронавттарды Жердин орбитасына гана эмес, Айга жана Марска да алпарып келе ала тургандай болушат. "Бул - зарыл болгон өткөөл баскыч, бирок учууларды башкаруудагы үзгүлтүк менен катар, Орусиянын аны өз кызыкчылыгында пайдаланууга аракеттенеби жокпу - муну алдыдагы жылдарда көрө жатабыз" деп жыйынтыкталат комментарий.
XS
SM
MD
LG