Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

“ПЕШКАЛАР ТҮЗ ЖҮРҮП, КЫЙГАЧ ЧАПЧУ” БЕЛЕ?


“Кыргыз туусу” гезити “Каржы рыногунун өнүгүшү экономиканы өйдөлөтөт” деп аталган Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Ю.Тойчубековдун макаласын, “Биздин жарандар татыктуу өз өкүлдөрүн шайлоого тийиш” деп аталган Боршайком төрайымы К. Кабилованын интервьюсун, “Эл келечекке ишенимдүү карайт”, “Өркөнү өскөн айыл өкмөтү”, “Жаштардын “Келечек парламенти жанданууда” ж.б.у.с. материалдарды жарыялады.

Эс алуудан кайтып келген “Агым” гезити 1-бетин “Иттер үрүп жатат, кербенде Бакиев менен Садыркулов бирге жүрүп жатат” деген тема менен баштады. Ичин барактап көрөлү. Баяндамачы Алым Токтомушев “Пешка” деп аталган макаласында АКШ, Орусия сыяктуу алибети ашкан, улуу дөөлөтчүл супермамлекеттердин кызыкчылыгы өткөн өкүмзор, жеткен гегемончул келерин, майда, жарды мамлекеттер өз кызыкчылыгына кымбат кылдат мамиле жасап, өтө сак болбосо, бир заматта алардын саясат курмандыгына чалынарын, кандуу, кансыз майдан алдында пешкага айланарын, өз башында Тибет, Тайвань проблемасы турганы үчүн Орусиянын Абхазия менен Түштүк Осетияны таануу демилгесин кылкылдаган Кытай да колдобогонун, чындыгында Кремль ШКУга кирген өлкөлөрдөн чоң үмүт артканын, бирок булардын бири да колдобой, ырасмий Маскөө Дүйшөмбү саммитинен томсоруп чыкканын, арийне Орусия буга да болбой өнөктөштөрүн Коллективдүү Коопсуздук Кеңеши аркылуу өмгөгүнө дагы бир жолу салганы жатканын, анын жыйынында Абхазия менен Түштүк Осетияны таанытмак түгүл, Коллективдүү Коопсуздук Кеңешине мүчө кылуу маселесин каралганы калганын, эгер ага мүчө болсо Кыргызстан анык пешкага айланарын баяндады.

Буга удаа эле өлкөдөгү экономика жагдайы жөнүндө экономика доктору А. Сарыбаевдин “Апатия”, абийир ааламаты жөнүндө адабият аалымы А. Муратовдун “Таажы...” деген аталыштагы макалалары жарык көрдү.

Гезит майда маалыматтарынын биринде Акыйкатчы Турсунбек Акун Ак үйгө кирип баратса ит каап алганын, капкан итти кароолуна карматып жинди-соосун текшертип атканын, өзү болсо бул Акаевдин ити болуш керек, Бакиевдин ити мени таанычу эле деди деп, Бишкек шаар мэри Нариман Түлеев “Үй куруучулардын курултайында “Шаардагы 47 жаңы конуш мени колдосо кетем, премьер да, министр да болбойм, анткени Курманбек Бакиев менин атам, мен анын уулумун” деди, ушинтип ата-бала бийликтин бийик бутагында олтурса коррупция кантип гүлдөбөсүн, мамлекет кантип үй бүлө башкаруусуна кабылбасын деп, КМШ менен Балтия өлкөлөрүнүн арасында өткөн “Беш жылдыз” музыкалык сынагын башкы калыс, атактуу ырчы-депутат Иосиф Кобзон жең ичинен саясый оюнга айлантты дешет, СМС добуш менен да, рейтинги менен да алдыңкы сапта келаткан ырчы кызыбыз Гүлзинат Суранчиева соңку бүтүмдө эч нерсеге илинбей калды, көрсө Иосиф Кобзон Кыргызстанды Грузия-Түштүк Осетия үчүн күнөөлөп, саясатка музыканын да тиешеси бар деп түшүнүдүрүптүр деп, министр Марат Кайыпов кечээ маалымат жыйынын өткөрүп, ага коюлуп жаткан айыптардын баарын калп, өзүн сүттөн ак, суудан таза деп чыкты, министр “Лексус” машинасын өз чөнтөгүнөн сатып алдым, түрмөлөрдөгү металлдарды сыртка мыйзамдуу түрдө алып чыккам, ал эми пара алат дегенди бала болуп башыма түк чыкканы биринчи угуп атам, кыскасы “өлдүм, бирок көмбөгүлө” деди деп жазып чыкты.

“АКШ Борбор Азиядагы абалын бекемдөөдө”, “Текке кеткен нөөмөттөрдүн саммити”. “Белый парус” гезити алгачкы бетин мына ушул өңдүү өзөктүү аталыыштар менен атап, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Дүйшөмбү шаарында өткөн саммити АКШнын аппетитине таасир эте албаган, борпоң бирикме экендигин көрсөткөнүн, аталган уюм Кавказдагы окуялардын айланасында өз күчүн бириктирип, ачык, так позициясын билдиргенге жарай албагандыгын, саммиттеги буга тоскоол болгон башкы себеп- КМШнын бир дагы мамлекети Батыш менен мамилелерин бузуп алууну кааалабагандыгы болгонун белгилеп, буга карата көлөмдүү макалаларды арнады.

“Ачык саясат” гезити Акүй аткаминерлерине “Элге чыккыла, абалды түшүндүргүлө” деп катуу буйрук берген окшобойбу, алар теле-радиодон түшпөй, ММКлар аркылуу түшүндүрмөлөрүн бере баштады деп кабарлап, жакында ошондойлордун бири КР өнөржай жана отун ресурстар министри С.Балкыбеков болгонун, тилекке каршы анын айткандары эч кимди ынандырбагынын, жадагалса министрдин кризистен чыгара турган программасы жоктугун, аны сураса азырынча жок, келерки жылдын аянварында болуп калар деп айтканын кейип кеп кылды.

Гезит ошондой эле укук коргоочу Качкын Булатов менен аңгеме курду. Укук коргоочу өз сөзүндө “Де-факто” гезитин жабууга Ак үй тараптан атайын чагым болгону билинип калгандыгын, октябрь айында чоң курултай болору коомдук парламенттин отурумунда чечилгенин, бул курултай Бакиевди бийликтен кетире турган курултай болот деген чечимге келишкенин, бүгүн Кыргызстанда социалдык-экономикалык оор абал түзүлгөнүн, бийлик кыргыз элине абдан эле чоң зыян кылып жатканын, Кара-Кече көмүр бассейни таптакыр токтогонун, “Аман банк”, “Ысык-Көл Инвестбанк”, “Азия универсал банк”, “Кыргызкурулуш банк” деп аталган 4 банкты тартып алганын, суу менен электр энергиясынан түшкөн акчанын кайда кетип атканын эч ким билбестигин, Бакиев өлкө тургай өз кемчилигин оңдоп кетерине ишенбестигин кеп кылды.
XS
SM
MD
LG