Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек “Азаттык” үналгысынын Бишкек бюросунун Чүй дубаны боюнча кабарчысы Жазгүл Жамангулова КМШдагы жаш акындар арасында уюштурулган “Шериктештердин дебюттары” аттуу 35 жашка чейинки жаш акындардын эл аралык сыйлыгына татыктуу болду. Шериктештиктин жаш акындарынын арасынан тандалып чыгып, тизмеге киргендерге сыйлык тапшыруу салтанаты ушул жылдын 18-20-сентябрында Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтөт. Ал эми ага дейре Москва шаарында 9-сентябрда лауреаттардын аттары аталат. Жазгүл бул эл аралык сынакка кантип катышып калган тууралуу маек куруп берди.

-Кыргызстандан негизи беш-алты акын ырларын жөнөткөн. Бул сынакка катышып калган себебим, ушул жылы акын Жолдошбай Абдыкалыков атындагы сыйлыкка дипломант болгом. Кыргызпатенттин “Мыкты жаш акын” деген жылдык сыйлыгын алгам. Ушулардын негизинде мага “Шериктештердин дебюттары” деген эл аралык сынакка катышып, ырларыңды жөнөтүп көр деген сунуш түшкөн. Биз болсо ырларыбыздын саптарын котортуп жөнөткөнбүз. Эки жарым ай күттүк окшойт. Жалпы КМШдан жүз акын катышканбыз. Азыр алардын ичинен он тогузу тандалып алынды. Басымдуу бөлүгү орустар экен. Ошол тизмеге Кыргызстандан жалгыз мен кириптирмин.

-Сынакка кандай ырлар жөнөтүлдү эле? Тематикасы ар кандай беле же чектөөлөр болдубу?

-Тематика чектелген эмес. Мен ырларымды тандаган деле жокмун. Өзүм атуулдук ырларды көбүрөөк жазам. Адатта кыздар поэзияда лирика, сүйүү багытын тандап алышат эмеспи. Мени көптөр “Жазгүл Жамангулова деген фамилияны өчүрүп салса, бул жигиттин ыры болуп калат”, деп айтышат. Мүмкүн дүйнөм ушундай чыгаар. Орус тилине которууга ыңгайлуу болгон эки-үч куплет ырларымды жөнөткөм.

- Силердин ырларды тандаган комиссия курамына кимдер кирди?

- “Шериктештердин дебюттары” сынагы уюшулганына аз гана болду. Комиссияга КМШ өлкөлөрүндөгү акын-жазуучулардын дөө-шаалары кирген. Мен билгенден казактардан Олжас Сулейманов кирген. Кыргызстандан болсо залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов болмок. Тилекке каршы, Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өтүп кеткендени кийин калыстар тобунда биздин өлкөдөн эч ким болгон жок. Ушундан улам биз сыйлыкка илинбесек керек деп ойлогонбуз. Көрсө андай деле эмес экен, чынында эле чыгармачыл дареметке карашат окшойт.

- Жазгүл, азыркы кыргыз жаш акындарына сен кандай деп баа бересиң? Арасында топту жарып чыккандары барбы?

- Негизи ар бир акын өзүнүн мууну менен келет. Биздин муунда 25-35 жашка чейинки отузга чукул акын барбыз. Биздин муун негизи жылаңач акындарбыз. Колдоосу жок, коргоосу жок, өзү менен өзү болгон акындар - ушу биздин муун. Эч демөөрчүсү жок, өз китебин өзү чыгарган акындар бизде. Мына жакында мен дагы өзүмдүн күчүм менен алгачкы китебимди чыгарганы турам. Бизде күчтүү акындар бар. Бирок басымдуу бөлүгү жигиттер. Кыздар аз. Топту жарып чыга калган кыздарыбыз деле жок.

- Жазгүл, чыгармачылыгың өркүндөй берсин!
XS
SM
MD
LG