Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

13:38 Бишкек мэри акимдердин ишин катуу сынга алды


Кечээ Бишкек шаардык мэрияда күз-кыш айларына даярдык көрүү маселесин талкуулаган жыйын өттү. Ага калаадагы ири ишканалардын жетекчилери, акимдер катышты. Иш-чара учурунда шаар мэри Нариман Түлеев акимдердин жана айрым ишкана башчыларынын ишин сынга алды. Мэр жалпы калк эмес, салык төлөбөгөн ишканалар үчүн жарык өчүрүү үчүн “Түндүкэлектро” ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргөнү жатканын, бирок акимдер салыктан качкандардын тизмесин бербей жаткандарын айтты. Мындан тышкары Н.Түлеев шаардагы күч структураларынын жетекчилери, салыкчылардын ишин да сындады.(AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG