Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

14:10 “Боинг 737” учагынын авариялык абалда жерге кайтып бараткан үнү учактын үн каттагыч жабдуусунда жок


Бул тууралуу маалымат Эл аралык авиациялык комитетинин сайтында жарыяланды. АКШнын транспорттук коопсуздук боюнча улуттук башкармалыгын адистери жүргүзүшкөн алдын ала чечмелөөнүн негизинде үн каттагыч жабдуусунда Москва-Бишкек каттамы боюнча үн жазылып, ал эми Боингдин авариялык абалда учкандыгынын үнү жок экени дайын болду. Учурда Эл аралык авиациялык комитеттин адистери чечмеленген маалыматты, диспетчерлердин сүйлөшүүлөрүнүн үнүн калыбына келтирүүнүн үстүндө иш алып барышууда. Ал эми Жарандык авиация департаментинин башчысы Алик Аскаров кыйроого учураган “Боинг 737” учагына байланыштуу бул маалымат боюнча кабардар эместигин “Азаттыкка” билдирди. 24-август күнү Бишкектен анча алыс эмес жердеги Жаңы-Жер айылынын аймагында Боинг-737 учагы кыйроого учурап, 65 адамдын өмүрү кыйылган.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG