Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Бүгүн Москвада Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун саммити башталат. Анда грузин-орусия жаңжалы, эгемендүүлүгүн өз алдынча жарыялаган Түштүк Осетия менен Абхазияга байланыштуу маселе каралаары айтылууда. “Азаттыктын” таңкы түз ободогу уктуруусунда “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, саясат таануучу Токтогул Какчекеев жана “Таза коом” партиясынын лидери Табылды Акеров тегерек үстөлдө ушул маселени талкууга алышты.

-Кавказдагы Түштүк Осетия чатагы эл аралык коомчулуктун көңүлүн катуу бурган окуя болду. Айрым саясатчылар Түштүк Осетиядагы согуш оту тутанышына негизги себеп Грузия менен Орусиянын ортосундагы бир топтон бери айыгышып келе жаткан мамиле болгонун айтышууда. Менин сиздерге узатуучу суроом да ушул багытта болмокчу. Жаңжалдын башталышына май чачып жиберген ким болду деп ойлойсуздар? Анда сөздү сизден баштасак, Токтогул мырза.

Т. Какчекеев: -Бул окуя СССР урагандан бери эле башталып келе жатат. Анткени Атлантикалык стратегиянын негизинде экинчи уроо –Орусия болмок. Ал жети же он төрт мамлекетке бөлүнүп кетүүгө тийиш болчу. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү Грузиянын Конституциялык негиздеги мыйзамды Түштүк Осетияга киргизебиз деп аскер колдонушун - ошол Атлантиктердин стратегиялык тарбияланган клону деп койсо болот.

Т. Акеров: -Грузия НАТОго кирип калса, аны Батыштын ишарасын аткарып жатат же көз каранды деп айтууга болбойт. Себеби, бул Грузиянын өз эрки, ал эгемендикке чыккандан кийин грузин эли өз тагдырын чечүүсү керек: НАТОго киреби же КМШ өлкөлөрүнүн курамында калабы, бул алардын өз эрки болууга тийиш. Албетте, акырындык менен геосаясий кызыкчылыктардын негизинде бүгүнкү күндө Түштүк Осетия, Абхазиядагы маселелер келип чыкты.

А. Жекшенкулов: -Мен бул пикирге кошула албайм. Грузин менен осетиндердин ортосундагы чатак тарых боюнча токсон жыл мурун башталган чатак. Үч-төрт жолу согуш болгон булардын ортосунда. Экинчиден, бул маселе АКШ менен Орусиянын ортосундагы маселе болуп жатат. Анткени бул чоң геосаясатта көп тараптуу же бир тараптуу дүйнө деген концепция бар. Ошол эки системанын күрөшү болуп жатат.

-Айрым саясатчылар Орусия Грузиянын чегарасына басып кирүү менен Түштүк Осетияны өзүнө жакындатууга аракет кылып жатат. Эгер чакан мамлекеттердин көз карандысыздыгын камсыз кылгысы келсе, эмне үчүн өз курамындагы эркиндикке чыгууну көздөгөн Чеченстанга мүмкүнчүлүк берген жок деген суроо коюлуп келет. Мунун артында Орусиянын мурдагы союздун деңгээлинде конфедерация түзүүгө кылган аракети жатат деген пикирлер бар. Сиздер кандай ойлойсуздар?

А. Жекшенкулов: -Орусия чоң мамлекет. Ири мамлекет менен чакан мамлекеттин, көп эл менен аз элдин ортосундагы мамиле, саясаты бар. БУУдагы Коопсуздук кеңеши дүйнөдө тынчтык тартибин чечүүчү эл арлык орган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Югославия бомбаланып, Косово бөлүнүп кеткенден кийин ушул тартип бузулуп кеткен. Бул башка мамлекеттерге да таасирин тийгизди.

Ошондуктан, Түштүк Осетияны алабызбы, Косовону алабызбы, бул өтө татаал жана кооптуу маселе. Өзүңүздөр билесиздер биздин коңшуларда деле Уйгурстан, Тибет бар. Орустардын өзүндө деле бир нече жиктелген аймактар бар. Дүйнөлүк тартип өзгөрүлүп кетсе, бизге окшогон кичинекей мамлекеттердин келечеги өтө коркунучтуу абалда калат.

Т. Какчекеев: -Аликбек мырзага кошулат элем. Чынында бул илгертен бери келе жаткан геосаясий көрүнүштөрдүн бири. Ири мамлекеттер өз кызыкчылыгы үчүн дүйнөлүк стратегиялык чөлкөмдөрдү, энергия ресурстарына бай өлкөлөрдү, өздөрүнө келечекте атаандаш, душман болуучу мамлекеттерди көзөмөлдөө саясатын жүргүзүп келатат. Аликбек туура айтып кетти. Бизде деле болуп атпайбы, биз урушу жок эле тынчтык келишими менен Каркыраны, Үзөңгү-Куушту берип койбодукпу. Бул да ошондой саясаттардын бири. Бирок биз аны тынчтык жолу менен жөн эле берип атабыз. Ошондуктан бүгүн бөлөк мамлекеттер ылайыктуу өлкөлөрдү даярдап, НАТОго киргизип, кызгылтым ыңкылаптарды жасатып, ошол иштерге байлап, кийинки чоң максатты чечүүгө аракет кылып жатат.

- Демек, ири мамлекеттер Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкөлөрдү каалагандай өз максаттарына пайдалана берсе болот турбайбы деген ой келип чыгып атат.. Табылды мырза, сиздин пикириңиз?

Т. Акеров: -Негизи кичи мамлекеттер өспөй атат бирок ага алар өздөрү аракет кылышы керек. Мисалы Евробиримдик түзүлө электе эле Европадагы майда мамлекеттер чоң өлкөлөр Германия, Британия сыяктуу эле демократиялык жоболорду түзүп, колдонуу менен жакшы жыйынтыктарга жетишкен. Грузиянын НАТОго кирүү аракетинин дагы бир себеби –дал ушул өнүгүү максатында болуусу мүмкүн.

Мисалы, Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны алалы. Алардын социалдык-экономикалык айырмачылыгы көпчүлүккө белгилүү. Ошондуктан, азыр чакан мамлекеттер өнүгүүгө, демократиялашкан өлкө болууга аракет кылып жатышат.

КМШ чөлкөмүндө болсо эки стандартуу саясат жүргүзүү уланып жатат. Бири-бирине карама-каршы келген, бирөө демократиялык негиздеги Батыш, экинчиси КМШ, ШКУ сыяктуу авторитардык режимдеги уюмдар.

Түштүк Осетия менен Абхазиянын үлгүсүндө алсак, анда мурдагы чечен лидери Жохар Дудаевди “улуттук баатыр” дейбизби же “экстремист” деп айтабызбы деген суроо келип чыгат. КМШ чөлкөмүндөгү мамлекеттер эки стандарттуу саясаттын курмандыгы болуп, ошонун негизинде өнүгө албай атышат.

А. Жекшенкулов: -Мен ушул жерден оюмду айта кетейинчи. Кеп эки стандарттуу саясатта эмес. Тилекке каршы, бүгүн дүйнөдө көп тараптуу жана бир тараптуу системанын күрөшү уланып жатат. Союздун тушунда НАТО менен Варшава келишими бири-бирин тең салмактап турчу. Азыр андай нерсе жок. Биз сыяктуу кичинекей мамлекеттер канчалык кааласак да, өзгөрүүгө канча аракет кылсак да чече албайбыз. Өсүп-өнүгүү үчүн бир чоң мамлекет менен жылуу керек. Бирок кээде чоң мамлекеттер бизди алдап кетишет. Тигинтебиз, минтебиз деп коюшуп, аягында эч нерсе жок. Биз болсо ошол саясатты ээрчийбиз.

Эң негизги маселе –Кыргызстан кичинекей мамлекет, ошондуктан бизде улуттук кызыкчылык башкы орунда турушу керек. Мен азыр грузин лидерлери жүргүзүп жаткан саясатты да колдобойм. Анткени алар бүгүн кимдир-бирөөлөрдүн колдоосуна таянып алып, элин кырып алуусу мүмкүн. Мына Дудаев кичинекей элди кырып алган. Баары бир чоң мамлекет жеңип кетет.

Кыргызда “жылкыңа карап ышкыр” деген сөз бар. Ошого карата Кыргызстан дагы саясатын, улуттук кызыкчылыгын бардык факторлорду таразага салып туруп, биздин элибизге, мамлекетибизге пайда береби, жыйынтыгы кандай болот деп эсептеп туруп, анан жүргүзүүсү тийиш.

-Бүгүнү боло турган саммит Түштүк Осетия маселеси боюнча КМШ алкагындагы алгачкы жолугушуу десем жаңылышпасам керек, анткени ШКУнун Дүйшөмбүдөгү саммити мурдатан белгиленген болчу. Эмне үчүн КМШ же ЖККУ Грузин-Орус чатагын талкуулоого мурдараак кам урган жок?

Т. Какчекеев: -Эл аралык уюмдардын өзүнүн макамы, эрежелери бар. Булардын эң жогору турганы –КМШ институтунун жетекчилиги. Азыркы тапта КМШга Кыргызстан, анын президенти Курманбек Бакиев жетекчилик кылып турат. Ал Грузиянын биринчи ок атуусунан кийин эле КМШ мамлекеттеринин башчыларын чакырып туруп, кезексиз отурумга отуруш керек эле. Керек болсо, шектенбей Евробиримдик менен НАТОну да байкоочу катары чакырууга тийиш болчу. Ошол эле бириккен Грузия менен Украина да КМШдан чыга элек али, мүчө болуп эсептелет.

Менимче, эгерде Орусияны колдоп жиберсек, анын 89-губерниясы болуп калабыз деген кооптонуу сезим Кыргызстанды Орусиянын өз элин, жерин сактап атканына чоочун кишидей суз мамиле кылып коюуга алып келди. Экинчиден, ШКУ менен ЖККУ буга чейин мындай кооптуу иштерге аралашып башынан өткөрө электиги болуп атат. Бул маселелер чечилет. Азыр 18-кылымдын жер талаш маселесинин жаңы ыкмасына өтүп кетишпедиби. Батыш мамлекеттери түрдүү жолдор менен бизге сиңип, жер-суу байлыктарына ээ болуу аракеттерин жүргүзүүдө. Бир эле мисал, Батыш Кыргызстанды “демократиялык аралча”, тиги бу деп айтып келе жатат. Ошол эле учурда биз Батышка 1,5 млрд доллар карызыбыз бар. Мына ушундай маселе.

А. Жекшенкулов: -Бул жерде жара тереңде жатат. Орусиянын саясаты КМШга, ЖККУга мүчө өлкөлөргө терең болбой келди. “Баары бир бизден кете албайт, биз менен иштешет, бизге көз каранды” деген мамиле кылып келишти. Биз эмне үчүн Орусияны колдогон жокпуз? Колдошубуз керек эле. Казакстан, Өзбекстан колдогон жок, анткени алар Батыштын инвесторлору менен иштеп атышат. Мына “тоталитаризм” деп айыптап коюп, Түркмөнстан менен Казакстанга Батыштын сенаторлору, министрлери келип-кетип атышат.

Бизде кыйынчылык болуп атат, бир жарым эмес, эки млрд доллар карыз бар. Бирөө да кечип койгон жок. Ошондуктан, айтып атпаймынбы, чоң мамлекет менен кичинекей мамлекеттердин арасында бул чоң маселе.

Мен Венада ЕККУда иштеп жүргөндө муну катуу, ачык эле айтчумун. Ошол үчүн биздин чоң саясатчылар, бийликте тургандар кыргыздын накта кызыкчылыгы үчүн атайын катуу турбаса, кайсы гана чөң өлкө болбосун мамлекетбизди ошентип эле өздөрүнүн түрдүү максаттарына пайдаланып кете берет. Мен осетин, абхаздарды, грузиндерди да аяйм. Эки дөө кармашса, ортодо чымын кырылат дегендей, бизге окшогон кичинекей үч эл ортодо кыйналып, кырылып атат.

Т. Акеров: -Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча КМШ менен ЖККУнун кечигип талкууга чогулуусу –бул уюмдардын жана аларга мүчө өлкөлөр азыр өз системаларын толук турукташтырып бүтө элек. Анын үстүнө бул аймакта мындай чатак биринчи болуп атат, ошондуктан, булар өз пикирин так айта албай калышты. Экинчиден, Борбор Азия мамлекеттеринде кландык системалар орногон, алардын жетекчилери үй бүлөлөрүнөн бери Батыш менен оокат кылышат, ал жакта бизнес жасашат. Ошондуктан, алар эч убакта Орусиянын саясатын дароо колдоп кете албайт.

Бүгүн Борбор Азия өлкөлөрү Түштүк Осетия менен Абхазияны колдогону менен эгер согуш болуп кетсе, алар Орусия үчүн Батышка каршы тура алабы, эли согушабы? 1990-жылдары Тажикстандагы атуулдук согуш учурунда Кыргызстандын аскерлери да барып, тажик бийлигине колдоо көрсөткөн. Ошол учурда эле белгилүү болбоду беле.. кыргыз жоокерлер четинен өлө баштаганда парламент “бизге кереги жок” деп кайра чакырып алышпадыбы. Мына ушундай эле окуя болуп атат азыр да.

-Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев каршылашып жаткан тараптардын маселесин эл аралык укук нормаларында реалдуу чечүү – саясий мамиледе гана жатат деген пикирин билдирбедиби. Айрым саясатчылар бул мамлекет башчынын прагматикалык билдирүүсү болгондугун айтып чыгышкан. Ошол эле учурда Кыргызстандын бүдөмүк позициясы өлкөдө АКШнын аскерий аба базасынын жайгаштырлышы менен да байланыштырылып жатат. Бул көз караштардын кайсынысына кошулууга болот? Аликбек мырза, сиздин оюңуз?

А. Жекшенкулов: -Кыргызстандын тышкы саясаты такыр болбой калды. Биринчиден, тышкы концепциябыз толугу менен иштебей атат. Экинчиден, бүгүн маалымат-аналитикалык деңгээл абдан начар. Мисалы, АКШнын аскер аба базасын бир кетсин десе, бир калсын дешет. Кытайдан шпиондор минтти, антти деп алышып, кайра эле грант алышат. Орусия менен да мына ушундай чатактар бар. Ошондуктан, биздин жетекчилер жүргүзүп жаткан саясат улуттун кызыкчылыгын карабайт.

Т. Какчекеев: -Аликбек мырза тамырын кармап кетти, туура айтып атат. Башка жагынан алганда ар бир мамлекеттин интеллектуалдык күчү, жөндөмү болууга тийиш. Биздин саясатты “сойкулук” катары баалап аткан көз караштар ушулардын жоктугунан улам чыгып атат. Биздин бийликтер кыргыздарды жаш, тажрыйбасы жок, жетим баладай мамиле кылгандыктан, соргоктук, жегичтик кылып, мамлекетти талап жеп койгондуктан, бөлөк эл да бизди жерип ошондой мамиле кылып атат. Ошондуктан, Кыргызстандын саясатын “сойку саясат” деп атагандардын сөзүнүн да кайсы бир тууралыгы бар деп айтууга болот.

Т. Акеров: -Менимче Кыргызстандагы саясатчылар көп мамлекеттер үчүн иштейт. Алар ошол мамлекеттердин позицияларын айтып, элге таңуулап келишет. Ошондуктан, Кыргызстандын саясатын “сойку саясат” деп баалагандарга көз карашым терс. Албетте, өтө сабатсыз деп бааланса да, биздин тышкы саясатыбыз тең салмак болуп жатат деп айтат элем.

-Тегерек үстөлгө келип, катышып бергениңиздер үчүн чоң рахмат!
XS
SM
MD
LG