Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

15:31 Укук коргоочулар Ирандык укук коргоочуну абактан боштуу талабы менен пикетке чыгышты


Алардын Иран өкмөтүнө жолдогон кайрылуусун Акыйкатчынын орун басары М.Момунов элчи Мохаммад Реза Сабуриге берип чыкты. Иран элчилигин алдында өткөн иш чаранын уюштуруучуларынын бири “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, Иран бийлиги БУУнун адам укуктары боюнча 2006-жылы кабыл алган документине ылайык, укук коргоочуларга жардам берип, бардык шарттарды түзүп берүүсү зарыл. Ирандык журналист жана укук коргоочу Эмадеддин Багхини өз өлкөсүндө өлүм жазасын жоюу маселесин көтөрүп чыккандыгы үчүн Тегерандын абагында кармалууда. Укук коргоочулар Иран өкмөтүнө жиберген кайрылуусуна жооп алуу үчүн бир жумадан кийин кайрадан элчиликтин алдына чогулмакчы.(MSu)

XS
SM
MD
LG