Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:14

Т.БАКИР УУЛУ: ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР ТУУРА КЕЛСЕ ЧОГУУ БОЛОБУЗ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек “Эрк” партиясы кечээ (4-сентябрь) пикет, митингдерди өткөрүүгө чектөө койгон мыйзамды жокко чыгаруу талабы менен Конституциялык сотко кайрылды. Партия бул мыйзам өлкөнү демократиянын жоболорунан чегинтип, адам укуктарынын бузулушуна алып келет деген доомат коюуда. “Азаттыктын” түз ободогу маектешүүсүнө “Эрк” партиясынын төрагасы, мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун чакырылган.

-Конституциялык сотко кайрылууга негиз болгон мыйзамга мамлекет башчы кол коюп койду. Эми бул ишти сот карап, демократиянын пайдасына чечип берет деген ишеничиңиз барбы?

Бул мыйзам 12-августта Кыргызстанда күчүнө кирди. Бирок демократия, эл аралык келишимдерге туура келбейт. Ошондуктан жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамды биз Конституциялык сотко тапшырдык. Конституциялык сот эки-үч ирет бизге кайтарып, бирок документтерди алды. Эми кудай буюрса жакында карайт го.

-Бул мыйзам укук коргоочулар тарабынан азыркы бийликтин өзүнүн башкаруу системасын же болбосо бийлигин бекемдөө максатында атайлап киргизилген мыйзам катары кабыл алынып жатат. Сиз кандай ойлойсуз?

Менин пикиримче, президенттин жакын кеңешчилери сунуш берген го, урматтуу Курманбек Салиевич ушул мыйзамга кол койсоңуз биз митинг, демонстрацияларга катышкандардын баарын камап беребиз, талкалайбыз, жок кылабыз деп. Ошондуктан президент кол койду го, алданып калды го дейм. Бул аюнун кызматы дейт. Аюу да адамга кызмат кылам деп, чымынды өлтүрөм деп адамды өлтүрүп койгон. Мен президентти кеңешчилери туура эмес жолго багыттап койду деп ойлойм.

- Оппозиция өлкөдөгү башкаруу системасын өзгөртүүнү биринчи орунга коюп, ошонун үстүндө иштөөгө аракет жасап атат. Ошондой эле оппозиция конструктивдүү күчтөрдү бир жетектин алдына чогулууга чакырып атат. Сиздердин партияга кандайдыр бир сунуштар түшүп атабы ушул багытта?

Расмий түрдө радикалдуу оппозиция менен келишим же сүйлөшүү болгон жок. “ЭрК” партиясы былтыр 15-ноябрда мен төрагалыкка кайтканда өзүн конструктивдүү оппозиция деп жарыялады. Себеби радикалдуу оппозицияны биз өз мезгилинде басып өткөнбүз. Бирок азыркы радикалдуу оппозиция менен бизде сүйлөшүүлөр болгон жок. Эми Абдыганы Эркебаев мырза жана бир-эки лидерлери бир-эки жолу мага чыкты бирок үстөлгө отуруп расмий түрдө сүйлөшкөн жокпуз.

- Эгерде сүйлөшүүлөр болсо, сунуш түшсө сиздерди партия кандай кабыл алып, кандайча чечим чыгарышы ыктымал?

Албетте, эгерде кызыкчылыктар туура келсе, элдин кызыкчылыгы үчүн, элдин укугу үчүн күрөшө турган маселелерде тил табышсак анда чогуу эле болобуз. Бирок түрдүү лидерлер бар да оппозицияда, бир лидер жок. Ошол биздин тынчыбызды алып атат. Себеби биздин “ЭрК” партиясына бир жетекчи бар. Бирок берки оппозицияда 5-6 жетекчи бар, ар бири өз багытында, кээ бирөөлөрдөн шек санап атабыз. Мурдагы оппозиция өкүлдөрү Мелис Эшимканов жана Кабай Карабековдор оппозицияны таштап бийликке өтүп кетип атпайбы. Ошондой туруктуу позициясы жок жетекчилер бар. Ошондуктан бир-эки лидер болсо жакшы эле, бирок баары менен отуруп алып сүйлөшкөндөн биз баш тартабыз го.

-Турсунбай мырза, сизге чоң рахмат!
XS
SM
MD
LG