Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Москвада бүгүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити өтүп, ага уюмга мүчө мамлекет башчыларынын катарында кыргыз президенти да катышууда. Жыйында негизинен Кавказдагы кырдаал, Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын таануу маселелери каралаары алдын ала кабарланган. Азыр дүйнө коомчулугу ЖККУга кирген Орусиядан башка өлкөлөр бул кырдаалга кандай баа берээрине абай салып турат. Уюмдун бүгүнкү жыйыны жана анда каралып жаткан маселелер боюнча кыргызстандык талдоочуулар да ар кандай пикирлерин айтышууда .

Бул жыйындын алдында, кечээ Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүп, анын соңунда билдирүү кабыл алынган эле. Анда Орусиянын Кавказдагы тынчтык жана кызматташттык багытындагы ролуна колдоо билдирилип, Түштүк Осетиядагы окуя эл аралык мамилелерде “кош стандарт” коркунучу экенин көргөзгөнү айтылган.

Айрым талдоочулардын баамында, бүгүнкү жыйында да Орусия уюмга мүчө башка өлкөлөрдүн колдоосун алууга аракетин жасайт. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай учурда уюмдун башка мүчөлөрү оруз-грузин чатагы, Кавказдагы кырдаал боюнча калыс позициясын айтса туура болмок:

- Москва албетте, өзүнө колдоо табууга аракет жасайт. ЖККУда буга чейин азыркыдай абал болгон эмес. Эми уюмдун Орусиядан башка мүчөлөрү калыс пикир айтса туура болмок. Кавказ чатагында Орусиянын кемчиликтери мындай болду, Грузияныкы тигиндей болду деп талкуулап, бир пикирге келиши керек. Мына ушул жерден кимдин кандай позицияда экени билине турган болуп калды. Орусияга азыр калган мүчөлөр жабыла сөз жүзүндө эле колдоп бериши керек болуп турат, иш жүзүндө эч кандай деле жардам керек эмес бул жерде.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов болсо эл аралык алкактан караганда, Орусия азыр бул маселеде жалгыз калганын жана шериктеш өлкөлөрдүн колдоосуна муктаж экенин айтат:

- Орусия чынында бул маселеде өтө оор абалда турат. АКШга, Европага караганда өзү жалгызсырап, жетимсиреп калгандай туюлат. Кавказдагы окуя өтө оор маселе болсо да ЖККУнун башка мүчөлөрү ушундай учурда Орусияга моралдык колдоо көрсөтүп коюшу керек эле...

Дагы башка талдоочулар Орусиянын таасири күч болгондуктан уюмдагы башка өлкөлөрдүн башчыларына бул жыйында калыс позицияны кармануу бир топ эле кыйын болоорун, ошондуктан бул жыйында “ак” же “көк” дебеген маанидеги жумшак чечим кабыл алынышы ыктымалдыгын боолголошууда.

Маселен, өзбекстандык талдоочу Ташпулат Юлдашевдин пикири да ушундай:

- Уюмдун мүчөлөрү кандайдыр бир компромисс табуу үчүн Грузиянын Түштүк Осетияга жасаган мамилесин айыптоого барышы мүмкүн. Бирок Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин таанууга барбайт. Ошон үчүн Батышка да катуу тийбесин, Орусия да таарынбасын деген мааниде, сизге да, бизге да эмес дегендей компромисстүү чечим кабыл алышы ыктымал.

Канткен менен Жамааттык коопсуздук келишим уюму бул маселени өтө эле кечигип талкуулоодо. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев бул жерде ЖККУнун да, КМШнын да мындай маселе боюнча механизмдери жок болгону менен демилге да болбогонун айтат:

- Кыргыз президенти да бул маселеде механизм жок экенин моюнга албадыбы буга чейин. Бирок мехнизм эле эмес, демилге да жок болуп калды. Мындай окуя болор замат демилге көтөрүлүп, мүчө өлкөлөрдүн башчылары дароо чогулушу керек эле. Бул жерде Орусия менен Грузиянын ортосундагы мамилеге карата кандайдыр бир кайдыгерлик байкалып турат. Мындан ЖККУ, КМШ сыяктуу уюмдар солгун, өтө бир мындай аракети деле жоктугу көрүнүп калды.

Ошентип бул маселеде ШКУдан колдоо таппай калган Орусия эми ЖККУдан колдоо табаар-таппасы азырынча арсар.

Айрым байкоочулар болсо Жамааттык коопсуздук келишими уюму азырынча солгун аракеттенгендей сезилгени менен келечекте аймактагы таасирдүү уюмга айланышы ыктымалдыгын боолголошууда. ЖККУ- мурдагы союздук республикалардан түзүлгөн аскерий-саясий уюм. Курамына Казакстан, Орусия, Армения, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларусь кирген аталган уюм 1992-жылы түзүлгөн.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG