Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

ПАКИСТАН: ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ УРУУЛАР УРУШУН БАСА АЛАБЫ?


Пакистанда бүгүн жаңы президент шайланат. Байкоочулардын басымдуу көпчүлүгү бул кызмат маркум Беназир Бхуттонун күйөөсү Асиф Али Зардариге тиерин айтып жатышат. Бирок кандай болгон күндө да өлкөнүн түндүгүндөгү уруулар аймагы бул окуяга караманча кайдыгер бойдон калды. Атүгүл бул аймактан федералдык парламентке шайланган жыйырмадай депутат президентти шайлоого катышкандан баш тартышты.

“Азаттыктын” кабарчысына бул маалыматты уруулар аймагынан федералдык парламенттин төмөнкү палатасына – улуттук жыйынга - шайланган депутаттар фракциясынын лидери Мунирхан Оракзай тастыктады. Анын айтымында, 6-августтан бери Куррам районунда жергиликтүү сүннүлөр менен шейиттер урушуп жатышат, болжол менен 500дөй киши өлдү, жарадар болгондор сегиз жүздөн ашып кетти. Чатакты басканы коопсуздук күчтөрүн жөнөтөбүз деп өкмөт күн сайын убада берүүдө, бирок ушу күнгө чейин Куррамга бир да солдат келе элек. Бу жерде күнүнө кырк, элүү, алтымыш, болбоду дегенде эле он адам өлөт, өкмөт буга дегеле кабагым-кашым деп койгон жок.

Мына ушундай жагдайда аймактан шайланган депутаттар тобу жаңы президент үчүн добуш берүүнү ылайыксыз иш деп табышты.

Соңку маалыматтарда Куррамдагы тури жана бангаш урууларынын урушу бир нече кыштакка жайылып, тараптар өз ара автоматтан, артиллериядан аткылашканы айтылды. Бангаштарга талипчил күчтөр жардамга келип, тури уруусунун жасактарына бир нече ирет жапырык жасашты. Уруштарда канча киши өлгөнүн такташ азырынча мүмкүн болбой жатат.

Федералдык уруулар аймагын ич ара араздашкан жергиликтүү тайпалардан тышкары качып-тозгон ар кошкон козголоңчулар, талиптер менен “ал-каидачылар” сыйынт кылып алышкан. Ушундан улам ал регионалдык чатактын очогуна айлана баштады. Пешавар университетинин профессору Хан Ижаз Исламабадда ким бийликке келсе да уруулар аймагындагы абалды жөнгө сала аларына ишенич жоктугун билдирди.”Пакистанда калыптанган саясий салтка ылайык коопсуздук маселелери жалаң армиянын энчисиндеги иш катары каралат. Аскерилер бул проблемага карапайым калктын же саясий күчтөрдүн тиешеси жок деп эсептешет. Ошондон улам өкмөттүн уруулар аймагындагы саясаты өзгөрүп кетерине көп деле көзүм жетпейт”,-деп айтты ал.

Пуштундардын улутчул партиясынын лидери Латиф Африди проблеманын чечилишин уруулар аймагын жалпы өлкөнүн саясий-укуктук жана экономикалык тутумуна кошуудан көрөт. Африди эгер мындай реформа жасалбаса, анда аймактагы уруулар, алардын ичинде пуштундар бир-биринен обочолонуп, өздөрүн Пакистандын жараны деп эсептебей каларын эскертти. Калк ким абалды жөнгө сала алса, ошолорго, өзгөчө тышкы күчтөргө ыктап кетиши ыктымал.

Асиф Али Зардари “Вашингтон пост” гезитинде жарыяланган маегинде алыскы элет жерлеринде, өзгөчө ушул уруулар аймагында реформаларды жүргүзүүнү өзүнүн башкы максаттарынын бири деп атаган эле. Кокус ал бүгүн президент болуп калса, өлкөдөгү башкаруу тарыйкасын жана маданиятын өзгөртүү жөнүндөгү анын бул убадасы дал ушул уруулар аймагында алгачкы сынактан өтмөкчү. Эгер жакынкы аралыкта бу аймакта уланып жаткан урушту баса алса, анда ал калкты көпкө үмүткөр кыла алат,анте албаса, Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы бул аймак эч кимге тиешеси жок арабөк “өлкө” бойдон калат.

XS
SM
MD
LG