Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Тажикстандын Бадакшан автономдук облусунда болжол менен 220 миңдей киши жашайт жана аймак калкы ондон ашуун тилде сүйлөшөт. Жакында эле Бадакшандын айрым тургундары тажик өкмөтүнө кайрылышып, үналгы жана сыналгыдан берүүлөрдү жана мектептерде окуу китептерин өз тилинде чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышты. Буга каршы болгондор аз гана адам Памир тилдеринде сүйлөөрүн, андыктан Бадакшандын тургундары тажик жана орус тилдерин дурустап үйрөнүшү керектигин айтышат.

Орто мектепти төрт жыл мурда аяктаган Навбахор Назаршоев кичи мекени болгон тоолуу Рошорв кыштагын калтырып башка жакка кетүүгө мажбур болгон. Себеби аталган кыштакта иш табуу мүмкүнчүлүгү жок. Ушул тапта Назаршоев Бадакшан автономдук облусунун борбору Хорог шаарында жашайт. Ал убактылуу жумуштар менен жанын багып келет.

Назаршоев Дүйшөмбү шаарында билим алууга аракет жасаган, бирок тажик тилин жакшы билбегендиктен окууга өтө алган эмес. “Мен тажик тилин түшүнөм, бирок бул тилде эркин сүйлөй албайм”, дейт памирдик рушани тилинде сүйлөгөн жигит:

- Менин апам ардагердикке чыккан, атам болсо карып калган. Андыктан үй тиричилигинин түйшүгү менин мойнума түшүп, мектепке көп жолу барбай калууга мажбур болдум. Биздин мектепте көп эле балдар тажик тилинде сүйлөй алат, бирок мага окшоп такай мектепке бара албагандар дагы аз эмес. Рошорв кыштагында аз гана кишинин үйүндө сыналгы бар, бардык коңшулар ошол үйлөргө барышып, тажик тилинде берүүлөрдү көрүшөт. Бирок Бартаңг аймагында үйүндө таптакыр сыналгы аспабы жок адамдар дагы бар.

Назаршоевдин эне тили – рушани - Бадакшан облусунда “Памири” деп жалпы аталган айырмалуу тилдердин бири. Шугнани, вахи, ишкашими, бартаңги жана йазгулами – булар да индоевропалык тилдер тобунун Памирдеги чакан шакапчасына кирген тилдерден. Алардын ичинен көбүрөөк киши сүйлөгөн тил – шугнани. Тажикстанда, Ооганстанда жана Кытай менен Пакистандын тоолуу кыштактарында 40 миңдей адам шугнани тилинде сүйлөйт.

Памириге кирген айрым тилдер өтө сейрек, тактап айтканда, саналуу кишилер тарабынан гана колдонулат. Маселен, ишкашими тилин Бадакшандагы Рын кыштагынын 400дөй тургуну гана колдонот.

Бадакшандагы айрым билимдүү адамдардын айтымында, эгерде өкмөт бул тилдерди сактап калуу чараларын көрбөсө, бир нече жылдан кийин алар таптакыр жоголуп кетүү коркунучу алдында турат.

Быйыл июнь айында Бадакшан автономдук облусунун борбору Хорогдо нааразычылык иш чаралары өткөндө, демонстранттар көтөргөн талаптардын бири – жергиликтүү Памири тилдеринде үналгы жана сыналгы берүүлөрүн чыгара баштоо талабы болду.

Памири тилдеринин жактоочуларынын айтымында, бул тилдер жергиликтүү мектептерде окуу программасына милдеттүү киргизилиши керек. 1990-жылдары Тажикстан эгемендүүлүгүн алгандан кийин аймактык бир гезитте жарыяланган макалалардын жарымы жергиликтүү тилдерде чыга баштаган болчу. Совет доорунан кийин бул гезит акын-жазуучуларга Памири тилдеринде адабий чыгармаларды жазуу мүмкүнчүлүгүн берген.

1990-жылдардын башында Бадакшандык ырчы Наргис Бандишоева Алматыда өткөн “Азия үнү” музыкалык сынагында шугхани тилинде бешик ырын ырдап, биринчи орунду утуп алган соң, Памири тилдеринин аброю бир топ жогорулаган.

Бирок ушуга карабастан 1990-жылдардын орто чендеринде гезиттер жергиликтүү тилдерде макалаларын жарыялоону токтоткон.

Багишах (Богишох) Лашкарбек - Памири тилдери боюнча адис илимпоз. Анын айтымында, Бадакшан аймагынын жергиликтүү аткаминерлери тажик тилинде сүйлөшөт. Себеби Бадакшандагы жикчил иш-аракеттерден кооптонуп, тажик өкмөтү жергиликтүү аткаминерлерден тажик тилинде сүйлөөнү талап кылган. 1992-жылы атуулдук согуш башталганда жергиликтүү бийлик органы кыска мөөнөткө өзүнүн эгемендүүлүгүн жарыялаган, бирок көп өтпөй мындай саясий таламынан баш тарткан.

Лашкарбектин айтымында, Бадакшан районунун тургундарынын өз эне тилдерин сактап калуу аракети жикчил аракеттерге эч кандай тийешеси жок. “Алар өзүнүн тарыхын жана маданиятын сактап калууну гана максат кылууда” дейт Багишах Лашкарбек:

- Тажик өкмөтүнүн Памири тилдерине карата саясаты Коммунисттик партиянын өкүмү жүргөн доордогу саясатты элестетет. Бул акылсыздык. Эгерде биз аларга өз тилдерин сактап калууга жардам берсек, бул абдан жакшы болмок. Себеби биз алардын асыл нарктарын урматтасак, алар дагы бизге пейилин ачмак.

Бадакшандык мектеп окуучулары тажик жана айрым учурларда орус тилинде билим алышат. Ошондой эле облустагы жергиликтүү бийлик жана коомдук мекемелери тажик тилинде иш алып барат. Бирок буга карабастан Бадакшан облусундагы кыштактарда тажик тилинде сүйлөшпөйт. Балдар мектепке барганча тажик тилинде сүйлөшпөйт, ал эми мектепти бүтүргөн бадакшандык тургундар натыйжада тажик тилин тез эле унутуп калышат.

Памири тилинде сүйлөгөн журналисттер, акындар жана жазуучулар өз эмгектерин тажик тилинде жазышат, ал эми актерлор жана ырчылар көбүрөөк күйөрмандарга ээ болуу үчүн тажик тилинде сүйлөшөт. Бадакшан облусунда иш тартыш болгондуктан, көптөгөн тургундары башка жакка кетүүгө мажбур. Бадакшандын айрым тургундары тажик тили өкмөт тарабынан таңууланып жатканын айтышат. Айрымдары болсо өз тилинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандыктан, абдан кыйналышат.

Памири тилдери бири-бирине окшош болгону менен, алар өз ара айырмаланып турат. Мисалы, бартаңги тилинде 3 миң адам сүйлөйт жана бул тил Памириге кирген башка тилдерге эч окшобойт. Рушани жана шугнани тилдери болсо бири-бирине кыйла жакын келет.

Бадакшандын ордо шаары Хорогдун көчөлөрүндө жана соода түйүндөрүндө түрдүү кыштактардын тургундары бири-бири менен баарлашуу үчүн тажик тилин колдонушат. Бадакшандык бир журналисттин айтымында, күнүмдүк жашоосунда аргасыз чет тилин колдонгон адамдардын абалын жана алардын өз тилинде сүйлөө ниетин түшүнүүгө болот. “Бирок, ошол эле учурда, мен Памир тилдерин өз шаарымдын ичинде гана колдоно алам. Бадакшандан кетип, учактан чыкканда эле, менин тилимди эч ким түшүнбөйт да”, дейт журналист.

Бул журналисттин айтымында, ал өзүнүн тилин сактап калуу аракети менен бирге күнүмдүк жашоосуна акча табуу үчүн тажик жана орус тилдеринде сүйлөө зарылчылыгынын ортосунда калды.
XS
SM
MD
LG