Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Түркия менен Армениянын өз ара мамилелерин жакшыртууга футбол огожо болмокчу


Бүгүн (ишембиде) Түркиянын президенти Абдулла Гүл Арменияга иш сапар менен келүүдө. Ошентип, ал Армения Советтер Биримдиги кыйраган соң эгемендикти алгандан бери Ереванга сапар менен келген алгачкы түрк мамлекет башчысы болуп калмакчы. Абдулла Гүл менен анын армян шериги Серж Саркисян бүгүн Ереван стадионунда 2010-жылга белгиленген футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюнунда өз курамаларына күйөрмандык кылышат. Гүлдүн бул сапары өткөн кылымдын башында Биринчи дүйнөлүк согуш маалындагы армяндардын кыргынга учураган маалынан берки эки өлкө элинин өз ара душмандыгын артка калтырууда өтө олуттуу кадам болуп калаары күтүлөт. 1915-жылдагы жаңжалды армян тарабы “Осмон дөөлөтүнүн армяндарга каршы тукум курут саясаты” деп бааласа, расмий Анкара болсо “эки тараптан тең бири-бирин кырган учурлар катталган, бирок улуттук тукум курут саясаты жүргүзүлгөн эмес” деп келет. 1991-жылы Түркия Армениянын көз каранды эместигин алгачкылардан болуп тааныган, бирок алигиче эки коңшу өлкө бири-бири менен дипломатиялык алакаларды түзө элек.

XS
SM
MD
LG