Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:40

Ош облусунун мугалимдери өкмөт билим берүү тармагына кош көңүл мамилени уланта берсе, жакынкы жылдары мектептер чекесинен жабылышы толук ыктымал деп кабатыр. Ал эми облус бийлиги мектеп мугалимдеринин өздөрүнүн билим деңгээлин көтөрмөйүнчө, өлкөнүн билим берүү системасында жылыш жасоо кыйындыгын айтууда.

Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору Кубанычбек Ормонов билдиргенине караганда, аймактагы 525 билим уясына окуучуларды тартуу олуттуу көйгөйгө айланып олтурат. Мындан тышкары педагогдордун таңкыстыгы да баш оорутуп жаткан чагы:

- Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда окуучуларды толук мектепке тартуу маселеси курч бойдон калууда. Алсак, 2006-2007-окуу жылында 89 окуучу ата-энелери менен республикадан сырткары кеткен болсо, 2007-2008-окуу жылында 268 окуучу кеткен. Облус боюнча быйылкы окуу жылына карата мектептерде 786 ар түрдүү педагогикалык адистер жетишпейт. 2007-2008-окуу жылында жогорку окуу жайларын бүтүрүшкөн 375 адис мектептерге бөлүнүп, анын ичинен 232 жаш мугалимдер мектептерге барышты.

Кара-Кулжалык мугалим Бакыт Абдыразаковдун баамында, өлкөдө билим кризиси бышып жетилип, агартуу ыңкылабы күтүп тургандай:

- Мектеп системасында кандайдыр бир төңкөрүш күтүп тургандай. Кадрлардын билим деңгээли, чөйрөсү, турмуш шарттары бүгүнкү күндө мунун баары кооптонууну туудурбай койбойт. Мамлекеттик деңгээлде атайын бир көзөмөл жүргүзүп, жакшы иш-чараларды кабал албаса, менин көз карашымча, тилекке каршы, билим берүүнүн практикалык кризиси күтүп турат.

Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр мектебинин директору Эмил Ташматов окуучулардын саны жыл сайын азайып баратканына кабатыр. Анын оюнча, мунун акыры мектептердин жабылышына өбөлгө жаратышы ыктымал:

- Мектептер жабылбайт. Бирок азыркы мезгилде балдардын аз төрөлүшү түрткү бериши мүмкүн. Балдар аз төрөлсө мектепке балдар аз келет да. Жаштардын көпчүлүгү үйлөнүп эле Орусияга кетип калып жатышат. 15-20-жылдан кийин ишке жарамдуу элден кыйла ажырап калабыз.

Алайлык агартуучу Жыргал Тажибаеванын пикиринде, кесиптештеринин эмгек маянасын жок дегенде орусиялыктардын деңгээлине көтөрмөйүнчө, жаштардын миграциясын тыюу кыйынга тураары шексиз.

- “Эмгек акыбызга 30 пайыз кошулганы менен мугалимдерге ал акча жетпейт. Бизде азыр экономикалык абал оор болуп турат. Орусиянын деңгээлинде төлөп берсе мугалимдер эч жакка кетпей, өзүнүн жеринде эмгек тажрыйбасын мындан да жогору арттырып, жакшы иштешмек”,- Жыргал Тажибаева.

Ош облус губернатору Аалы Карашев мугалимдердин өздөрүнүн билим сапатын көтөрмөйүнчө, өлкөнүн билим берүүсүндө реформа жасоо кыйын деген ишенимде:

- Эң негизгиси педагогдор өз өнөр- билиминин сапатын жана классификациясын жогорулатмайынча окуунун сапатын көтөрүү мүмкүн эмес.
XS
SM
MD
LG