Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Күмөндөр Усуптегин, Нарын Нарын районундагы Орто-Саз айылында кылым карыткан Осмонбаева Бурмаш Баймат кызы жашайт. 1904-жылы туулган Бурмаш эне токсон жыл мурдагы Улуу Үркүнгө катышкан бүгүнкү замандын саналуу карыяларынын бири. “Азаттыктын” Нарын дубанындагы өз кабарчысы 104 жаштагы карыя менен анын үйүндө баарлашып кайтты.

- Cиз дагы Үркүндө Кытайга бардыңыз беле?

- Ооба, баргам.

- Анда канча жашта элеңиз, кандай окуялар эсиңизде калды?

- Кытай жалаң өзүнүн өнөрүн жасаган майда болгон эл экен. Айдаганы “жийде” деген дан экен. Ошону менен жан сактайт экен. Чөп чыкпайт экен. Агын суусу жок болот экен. Эшеги көп экен. Жери какыраган кара таш, баса албайсың. Нарынга көнгөн малың качып, күнү-түнү кайтардык.

- Сиз ал кезде канча жашта элеңиз?

- Мен ушул жерден жөнөгөндө жылкы айдагам. Жашым канчада экенин билбейм. Менин энем айтчу сен төртүнчү жылы төрөлгөнсүң деп.

- Ошондо бул жактан канча киши жөнөдүңөр, кайсы убакта?

- Май айында жөнөдүк. Жөнөп отуруп бир айда жеттик окшойт. Анан мал деле, киши деле көнбөй, анан кайра декабрь айында Коңур-Дөбөгө келдик. Ал жерде Жангазы деген агалар бар эле, ошонун тамына кыштап, ошол жерде мал, жан багып, ошентип элге кошулдук.

- Сиздер үркүп барып, кайра келатканда жолдон көп эле кыйынчылыктар болду да?

- Эми аны айтпа, тамагы жок, күн суук, чоң-чоң жакшы аттар жок, баарысы арык. Ошентип отуруп, анан араң дегенге Нарындын Коңур-Дөбөсүнө келдик.

- Кытай тарапка эмнеден качып бардыңар?

- Ал жака качып барганбыз. Бул жактан атып, өлтүрүп атат деген кыйкырык-өкүрүк болгондо кеткенбиз.

- Сиздер Эки-Нарын аркылуу качтыңарбы, же Ат-Башы аркылуубу?

- Нарын аркылуу Капчыгай менен кеттик.

- Канча киши, канча үй бүлө кеткениңерди эстей аласызбы?

- Үй бүлөдөн көп эле кеттик. Жетпей орто жолдо калган кишилер болду. Жүрүп отурган эл куруп калды.

- Жолдо курман болгондор дагы болдубу?

- Өз ажалынан көп өлгөн жок. Эки картаң киши өлгөндө, алар тиги-мунусун ала жүргөн экен. Ошол жерге коюп кеттик.

104 жаштагы Бурмаш эненин уулу Жапар Үсөналиев ушул эле айылда 34 жыл комбайн, трактор айдап жүрүп эс алууга чыккан. 74 жаштагы Жапар аксакал азыр дагы апасынын кыймыл аракети тың экендигин айтып отурду "Апам мага караганда көзү бүтүнүрөөк болуп, жакшы көрүп, менден бат чыгып кетет эшикке".

- Жапар аксакал, апаңыздын Үркүнгө барып келгенин укчу белеңиз?

- Бул кишинин айтып бергени боюнча айтсам, “Үркүнгө качтык бул жактан орус келатат деп эле. Ошондо үркпөй калсак эле мынча кыргын болмок эмес экен. Ушундан тамтаңдап Эки-Нарындын башы менен Кашкарга чейин бардым, жолдо өгүз-уй баспай, бүт ташыркап кетип, тартма кылып кийизден төбөгө көктөгөн күнүбүз болду”, - деп далай жолу айтканын уккам.

Ал эми Кеңеш өкмөтүнүн доору жана азыркы заман жөнүндө 104 жаштагы Бурмаш эне мындайча ой бөлүштү:

- Союз убагында бул жер колхоз, совхоз болгондо эл, мал чарбасы менен иштедим. Мага орден берди. Жер чарбасын айдадык, аны бактык, мал чарбасына сарай салдык, төлдөттүк. Ошентип, анан эл болуп тынчып калдык. Кийин уй ферма болдум. Ошондо Ачык-Таш, Булак деген Кочкордун жерлерине барып топоз, уй бактым. 32-жылдан партияга мүчө болдум.

- Эгемендүүк алгандан берки турмушту кандай сезесиз?

- Эгемендик болгондон кийин жер, мал, жан өзүңдүкү болуп, элдин ичинде тынчып калды. Малыңды, жериңди өстүрүп, элиңде-журтуңда отуруп калдык.

- Апа, бүгүнкү жашоо акыбал кандай?

- Жашап аткан эл, жер, калк өзүбүздүкү жакшынакай эле. Колунда бары да, жогу да бар. Жүргөн кишиде өйдө-төмөн болот экен. Ошондой эле, айланайын.

- Рахмат, апа! Ден соолукта болуп, балдарыңыздын убайын көрүңүз
XS
SM
MD
LG