Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

17:40 “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү камтамасын билдиришти


5-октябрдагы жергиликтуу кеңештердин шайлоосу мыйзам бузуулар менен коштолуусу мүмкүн. Ага себеп болчу жагдайлар катары «Ак жол» партиясынын мүчөлөрү округдук шайлоокомдордун курамына кирүүсү жана жеке өздөрүнүн атынан депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлөрүн атоого болот. Аларды колдоого жер-жерлерге тымызын көрсөтмөлөр берилген. Партиянын 30 мүчөсү район, шаар кеңештерге талапкерлигин өздөрү койду. Базар-Коргон райондук кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин койгон партиянын жооптуу катчысына атаандаш болуп 9 адам чыкты. “Аларды бийлик кубаттаары белгилүү”, дейт партиянын облустагы өкүлү Асылбек Текебаев билдирди. Облустук шайлоо комиссиясы округдук шайлоокомдорго «Ата Мекен» партиясы өкүлдөрүн сунуш кылбаганын, мүчөлөрүн көрсөткөн партиялар ал комиссияларга мыйзамга ылайык киргендигин ырастады. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG