Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

18:55 “ИИМ кызматкерлери өздөрү кылмыштуулукка аралашууда” - дейт министр Молдомуса Конгантиев.


Талас шаарынын борбордук аянтында министр облустук, райондук милиция кызматкерлерине жыйырма бештен ашык компьютер, факс жана кеңсе эмеректерин тапшырган соң Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин жыйындар залында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жыйында министрге аксакалдар паспорт алуу көйгөйү жана МАИ кызматкерлери ар бир айдоочудан пара алуу фактылары тууралуу суроолорду узатышса, журналисттер облустук ички иштер башкармалыгынан маалымат алуу кыйын болуп, тыгыз байланыш болбой жатканын айтышты. Министр мындай көрүнүшкө нааразы болуп, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Абай Кожогуловго катуу эскертүү берип кетти. Ошондой эле М. Конгантиев айрым милиция кызматкерлери баңги заттарды сатуу иштерине кириптер болуп, кылмыштуулукту жоюунун ордуна кошо аралашып кеткен фактылар болгонун айтты. Мындай көрүнүштөн улам Таласта милицияларды атып кетип же өзүлөрүнүн жандарын кыйган фактылар болуп жатканына да токтолду. (UA)

XS
SM
MD
LG