Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Түркиянын президенти Абдулла Гүл бүгүн кыска, бирок тарыхый сапар менен Ереванга барды


Анкарадан аттанаардын алдында президент Гүл бул сапары “орток тарыхка ээ болгон эки элдин ортосундагы тоскоолдуктарды жоюуга жардам берет” деген үмүтүн билдирди. Гүл Ереванда 6 сааттай болмокчу. Ал армян президенти Серж Саркисяндан Түркия менен Армениянын улуттук курама командаларынын футбол боюнча беттешүүсүн чогуу көрүүгө чакыруу алган. Оюндун алдында лидерлер президенттик сарайда сүйлөшүү өткөрүштү. Түркия Армениянын эгемендигин биринчилерден болуп 1991-жылы тааныгандыгына карабастан, эки чектеш өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер алигиче түзүлө элек. Президент Гүлдүн бул сапары болочокку армян-түрк дурус коңшулук мамилелерин калыптандыруу үчүн олуттуу рол ойной тургандыгы тууралуу серепчилер да белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG