Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

ЭНЕРГЕТИКА КААТЧЫЛЫГЫ: КӨМҮР КЫМБАТ, ЭЛЕКТР ЖЕТПЕЙТ


Ушу тапта Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө, кыштан кыйналбай чыгып кетүү аракети көрүлүүдө. Бирок да “Токтогул” сактагычында кышка топтолгон суу жазга жетеби? Өкмөттүн энергетикалык кризистен чыгуу программасы барбы? Ушул жана башка проблемалардын тегерегинде “Азаттыктын” кезектеги “бетме-бет” талкуусуна чакырылган өкмөттүн мурдагы биринчи вице-прмьер-министри Алмамбет Матубраимов менен парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Бегаалы Наргозуев ой бөлүшөт.

- Бүгүн энергетикалык кризистин кыргыз экономикасына тийгизген таасири туралуу кеп кылмакчыбыз. Алмамбет мырза, суунун аз болушу эле Кыргызстанды энергетикалык кризиске капталттыбы же мунун башка да себептери барбы?

А. Матубраимов: - Жалпысынан бул бир-эки жылдык маселе эмес. Суу – көп жылдык маселе. Экинчи маселе болуп ТЭЦ турат. Чынын айтканда, азыр деле өкмөттүн өлкөнү кризистен чыгарып кетишке мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерде ич ара болуп жаткан коррупцияны жокко чыгаруу керек.

Дүйнө жүзүндө энергетика жабдуулары эски кезинде 8 пайызга чейин техникалык жоготуулар болот. Эски Союздун кезинде андай жоготуулар 11 пайызга чейин жетчү. Макул деп коелу, биздеги техникалык жоготуулар 15 пайызга жетсин. Биздикиндей жоготуулар 45 – 50 пайыз болбосун. Жылдын беш-алтысы суулуу, ошончосунда кургакчылык болору белгилүү.

Мына төрт жылдыктын жыйынтыгы боюнча суу аз агып келгени менен агызылган суунун көлөмү көп болуп жатпайбы. Мөңгүлөр тез эрип кетип жатат. Илгертен келаткан байланыш боюнча коңшуларга Нарын дарыясынын орточо агымындагы суусун беришибиз керек. Ошондой болсо да ар бир мамлекеттин өзүнүн ички кызыкчылыгы, маселеси бар. Биздин транс-улуттук суунун кубометри 41 миллиардга чейинки көлөмү агызылып, кечээ эле электр энергиябызды кайда кетиришти билбей турган чакта көп насосторду орнотуп, электр энергиясын өндүрүп иштетип койсок болмок.

Дагы бир маселе – ТЭЦ. 1 миллиард 800 миллион киловатт саат электр энергиясын иштеп чыгышка мүмкүнчүлүгү бар. Бирок аны дайындаш керек, газ, көмүр, мазут менен камсыз кылыш керек. Ошондо кыштан чыгып кете алабыз деген ойдомун. Премьер-министр 10 миллиард куб метр суу болсо кыштан чыгып кетерибизди айтса, министр С.Балкыбеков 12 миллиард дейт. Өкмөттүн өзүнүн бир пикири жок.

Экинчи жагынан биз топтолуп турган сууну тосмонун үстүнөн эсептеп жатабыз. Бул туура эмес. Себеп дегенде 50 жылга жакын убактан бери топтолуп жаткан суунун алдында топтолгон шиленди, кум, чопо ылай 2 – 3 миллиардга жетип калышы мүмкүн. Ал жерде жалаң суу, энергетика эмес, экологиялык кырсык болуп калышы да мүмкүн. Бул маалыматты жаап-жашырбастан элге айтсак, көпчүлүк туура түшүнөт деген ойдомун.

- Бегаалы мырза, парламент ушу тапта энергетика боюнча өкмөттүн отчетун угууга даярданууда. Энергокризистин чыгышына суунун аздыгы эле себеп болдубу же башка жагдайлар да барбы?

Б. Наргозуев: - Менин оюмча, муну комплекстүү караш керек. Эң биринчи кезекте суунун аздыгы, ага кошумча аны туура пайдалана албагандыгыбыз себеп болду. Суу 2003-жылдан тарта эле азая баштаган экен, бирок аны пайдалануу 14 миллиард, былтыр болсо 15 миллиард куб метрге көтөрүлүп кетиптир. Былтыр топтолчу суудан агызылган суунун көлөмү 4 миллиард куб метрден ашуун болгон. Ошону убагында көз сала албаган өкмөттүн шалакылыгын айта кетишибиз керек.

Биздин фракцияда мына ушул энергетика маселесин шашылыш карап чыгуу маселеси талкууланды. 17-сентябрда фракция менен жолукканы өкмөт башчы келгени жатат. Абалды ушуга жеткирбесек болор эле. Эми өкмөт мындан ары эмне иштерди жасай турганын билиш үчүн чакырып жатабыз.

Ал эми суунун азайышы көп нерсеге байланыштуу. Ал жалгыз эле өкмөттүн шалакылыгынан эмес, глобалдык жылуулук, экологиялык, мисалы, токойлордун азайышы сындуу жагдайларга байланыштуу болуп жатпайбы. Токой мындан 50 жыл мурда Кыргызстандын жалпы аймагынын 8 пайызын түзсө, азыр 4 пайызга араң жетет. Токойдун азайышы биздеги климаттын өзгөрүшүнө, мөңгүлөрдүн эришине алып келүүдө. Эми кооптонткон нерсе кыш келгени дагы токойлор отунга кыйылып кеткени турат.

- Алмамбет мырза, мына суу кенен чакта деле Кыргызстан энергиясынын жоготуулары 40 пайыздын тегерегинде болуп келди. Бул өндүрүлгөн электр энергиясынын теңине жакыны талаага кетти деген сөз да. Ушундай кысталыш кырдаалда өкмөттүн энергетикалык кризистен чыгара ала турган, жок эле дегенде анын салакасын азайта турган программасын, иш-аракетин көрө алдыңызбы?

А. Матубраимов: - Жок, көрө элекмин. Сөз жүзүндө эле болуп атпайбы. Жоготуулар 45, 43, 42 пайыз деп жазып жатышат. Бизде канчалаган чарбалык субъекттер бар. Ошолордун айрымдары иштетилбеген объектке деле электр энергиясын жазып, “төлө” деп кыйнап жатышканын угуп эле атпайсыңарбы. Аларды кошо келгенде жоготуулар дагы көбөйөт. Экинчи жагынан “бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүү керек, акционерди коом түзүш керек” дешет. Мамлекет өзүнүн алсыздыгын антип көрсөтпөш керек. Тармакты башкара албай калдык дешет.

Көп мамлекеттерде энергетиканын үчтөн экиси өкмөттүн көзөмөлүндө. Бул мамлекеттин коопсуздугуна байланышкан маселе. Экинчиден, ал өлкөбүздүн байлыгы. Ошон үчүн суу менен энергетикага катуу карашыбыз керек. Биз коңшу өлкөлөрдүн үстү менен учсак да асман жолу үчүн акча төлөп жатпайбызбы. Темир жолу менен өтсөк ага деле төлөп атабыз. Алар суу сактагычтар Советтер Союзу тушунда курулган дешет. Андай болсо темир жолдор деле социализм тушунда курулбады беле.

Биз табигый байлыгыбызды коңшуларга чогултуп туруп берип жатпайбызбы. Биз энергетикалык кризиске келдик. Мамлекет өзүн-өзү башкара албай, суу-энергетиканы пайдалана албай, башкалардан жардам сурайбыз дегени – туура эмес. Мына Орусия энергетикалык кыйынчылыкка туш келгенде А.Чубайсты энергетиканы башкартып койду эле кризистеги тармакты ордуна коюп койду.

Карыз демекчи, эгер аны таптакыр өндүрүп алыш мүмкүн болбосо мамлекет жоюп койгону эле оң. Аны парламент аркылуу чечиш керек. Буга чейин бизге келип түшчү кирешелер киреше эмес эле карыз болуп жатат. Биздин 500 ЛЭП станциябиз Өзбекстандын аймагында турат. Ушуну эчен ирет айттык. Өзүбүздүн жерге куралы деп. Ал жерден 220 болуп келет. Энергетикага канча акча сарпталды, аларды кайтаруу жагын да карап көрүшүбүз керек.

- Бегаалы мырза, сиздердин фракцияда өткөндө энергетика маселеси козголду. Аны өкмөт менен шашпай талкуулаганы турасыздар. Ушундай кыстаалыш чакта мындай маселени эртерээк талкууга алса болбойт беле?



Б. Наргозуев: - - Андай деле эмес. 17-сентябрда өкмөт башчы үч фракция менен жолугушканы жатат. Ар бир фракция жолугушуудан кийин өзүнүн позициясын иштеп чыгат. Андан кийин да өкмөт башчы жалпы парламентке келип сүйлөйт. Айтып коюш, албетте, жеңил. Кризис тууралуу айтсак. Суу аз. Коңшуларга аны берип жатабыз. Өкмөт ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, кризистин капшабын азайтуунун аракетин көрүп жатат.

Ал эми 40 пайыз электр уурдоолор жөнүндө болсо. Кимдер уурдап жатат? Өзүбүздүн эле элибиз. Үй-үйлөргө барсаңыз көбү уурдалган токту пайдаланып, тамак жасап, үй жылытып отурганын көрөсүз. Президент электр жоготуларды 30 пайыз төмөндөтүү тапшырмасын берген. Эгер өкмөт аны аткара албаса ага кыйын эле болот. Анан өкмөт кыш учурунда Тажикстандагыдай абал болбосун деп аракет көрүп жатат.

Дагы бир маселе, ушу тапта Каракечеде жылуулук электр станциясын куруу үчүн техника-экономикалык негиздемесин даярдап жатышат. Аларды ишке ашырууда өкмөт шалаакылык кылып жаткандыктан биз аны фракцияга чакырып себептерин талкуулайбыз деп жатабыз.

- Алмамбет мырза, жана сиз көлдүн алдында 2 – 3 миллиарддай куб агынды, суу менен келген кум, чопо, ылай жатат деп айттыңыз. Суунун алдында анчалык катмар жатса сактагычта 7 миллиард куб метр суу турушу деле мүмкүнбү?

А. Матубраимов: - Жыл сайын жазда арыктарды тазалап турушат. Эми канча суу бар экенин так өлчөсө болот. Бир эле тосмону карап отурбастан канча суу бар экенин өлчөп алган оң.

Макул, азыр кышка суу топтоп, аны кышы менен агызып ийели. Жазда дагы электрди өчүрүүнү баштайбызбы? Суунун деңгээли 5 миллиарддан бир аз ашканда баары токтойт, “жансыз деңгээл” деген бар. Суу алдында топтолгон агынды-шиленди катмардын үстүнөн суу ага берет. Бирок көлдө суу азайып, 3 же 4 миллиард куб метр болушу мүмкүн. Мен аны айта албайм.

Анан дагы бир кызык нерсе болуп жатат. Президент буйрук берди деп үч фаздуу токту кесип салып жатышат. Ар бир подстанцияда, бөлүштүрүүчү жайда бир линия бар, ошону өчүрүп койгула. Кудай буюрса, электр энергиясы дагы болоттур. Кийин аны кайра беришке туура келет. “Бөрк ал десе баш алганга” даярбыз да. Тармакта уурдоо токтолгон жок. Андагы түзүлгөн кырдаалды элге ачык айтып түшүндүрүп койгон оң.

- Бегаалы мырза, Алмамбет мырза “элге түшүндүрүү болбой жатат” деп айтты. Түшүндүрүү болбой жатабы?

Б. Наргозуев: - - “Тезек тергиле” дегенге чейин барды, андан дагы кандай түшүндүрүү болот? Көрүп атасыздар күндө ачык эле айтып жатпайбы. Азыр жайда токту өчүрүп үнөмдөп калбасак кышта кандай болорубузду айтып жатышат. “Электрден көмүргө өткүлө, тезек тергиле”, деп жогорку бийлик колдон келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Жер-жерлерде эл өзүнө өзү кам көрүшү керек.

Биз жакында Жалал-Абад облусунда болуп эл менен жолугушканыбызда көпчүлүк көмүр маселесин козгоп жатышты. Ошондо акимдер бизди ишендиришти. “Ар бир райондо көмүр, отун жетиштүү камдалат” дешти. Мен шектенип кээ бир акимдерден “жеткире аласыңарбы, жеткирип бере аласыңарбы”, деп тактап сурадым. Кээ бир кишилердин акчасы болгону менен сатып алышка көмүр жок. Көмүр сактай турган жерлер жок. Отун базалары жоюлуп кеткен.

Республикада кырктан ашуун район болсо ошонун он биринде эле Союздан калган отун базасы сатылбай сакталып калыптыр. Калганы сатылып кеткен, профилин өзгөртүп кеткен. Ар бир райондо отун базасы болсун. Сатып алам деген киши кыйналып Бишкекке келбей же Каракечеге барбай, райондун өзүнөн сатып алышка мүмкүнчүлүк болушу керек.
Анан түшүндүрүү иштеринде өксүк жок. Айылдагылар тезек тергиле дегенден кийин эле түшүндүк деп жатышат.



- Алмамбет мырза, сизде сөз барбы? Өтүнүч – кыска.

А. Матубраимов: - “Сентябрдан кийин эле өчүрүүлөр болбойт” деп жатышпайбы. Андан кийин болбой калсачы? Ошон үчүн болгонду болгондой эле “колубуздан келбей калды” деп айтыш керек. Мына бизде канча шахтылар бар. Жеке менчик, жөн. Ошолорго инвестиция берип жакшылап иштетип койсок болот. 3 миллион тонна көмүр алчубуз. Кийин миллионго түштүк. Макул 500 миң тонна казып алалы. Ар бир үйдө бештен-ондон киши болсо ар бир үйгө бир тонна, эки тоннадан жеткиртип берсек болмок. Ушундай чечкиндүү аракеттерди жасаш керек да эми. Мына бюджетти 20 пайыз кыскарттык. Аны кайсы жакка жумшайбыз? Муну элге түшүнүктүү кылып айтып бериш зарыл.

- Ушуну менен талкууну жыйынтыктасак. Урматтуу мырзалар, ишиңиздерге ийгилик болсун!

XS
SM
MD
LG