Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

"АПТА": МАДУМАРОВДУН КИЙИНКИ КАДАМЫ, ОРУСИЯ ОЙЛОНУУДА, ОППОЗИЦИЯНЫН КҮЗГҮ МАКСАТЫ


Өтүп бараткан апта Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Адахан Мадумаровдун депутаттык мандатты тапшыруусу, оппозициянын саясий күрөшкө камынуусу, парламент сессиясынын башталышы жана Жамааттык коопсуздук уюмунун алкагында бир катар жыйындар (анын ичинде Орусия ордо шаарындагы саммит) менен коштолду.

ЖККУ Грузияны айыптайт, бирок Абхазия, Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таанууга шашылбайт



Жума күнү Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйыны болду. Ага Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев башында турган делегация катышты.

Москва саммитинде декларация кабыл алынып, анда Грузиянын Түштүк Осетияга чабуулу айыпталып, бирок Абхазия жана Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу боюнча бирдиктүү позиция иштелип чыккан жок.

Бул маселени Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөр өз алдынча чечиш керектиги айтылды.

Башкача айтканда, ЖККУга кирген өлкөлөр Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныгысы келсе, анда аны жекече ишке ашырышат.

Мына ушул саясий маселеде ЖККУ өлкөлөрүнө эркиндик берилген менен уюмду аскерий жактан бекемдөө зарыл деген Москванын чакырыгын колдоодо биримдик болду.

Андан сырткары ЖККУ өлкөлөрү баңгизат жана террордук коркунучтарга каршы күрөшүүгө НАТО менен кызматташууларды улантууга даярдыгын белгилешти.

Бул Кыргызстан үчүн кырдаалды жеңилдетип, Бишкектин Москва менен да, Вашингтон менен да кызматташуусун мурдагы калыпта уланта беришин кепилдейт.

Москва эмнеге маалкатат?



Москва саммитинде президент Курманбек Бакиев орус президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтерин куруу маселесин талкуулаган.

Президент Бакиев 17-июлда Москвага жасаган сапары учурунда да президент Дмитрий Медведев жана премьер-министр Владимир Путин менен ГЭСтерди курууну сүйлөшкөн эле. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин жылыш байкала элек. Анын себеби эмнеде?

Мурунку вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов мунун себебин кыргыз мамлекетинин потенциалы чабал болуп, натыйжада ал долбоорлорду убагында алдыга жылдыра албай жана курулушка катышууну көздөгөн мамлекеттерге тийиштүү үлүштү берүү маселеси чечилбей жатышынан көрөт:

- Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын потенциалын убагында колдонуп, ошол долбоорлорду алдыга жылдыра албадык. Анан биздин мамлекетибиздин потенциалынын начар экенин билип, биздин коңшу өлкөлөр, өзгөчө Россия, Казакстан аларды ишке ашыра турган көз менен карабай жатышат.

Бул жерде үлүш маселесинде да биздин Кыргызстандын мамлекеттик органдары жоопкерчиликти алып, бир чечимге келе алышпай жатышат.

Эгерде биз Камбар-Ата ГЭСтерин курабыз десек, анда сөз жок курулушка катышкан өлкөгө үлүш беришибиз керек. Үлүшүн тактап берип, ага жараша акчасын алуу-бул маселени чечүүнү тездете турган жол. Бирок ага дагы биз даяр эмес болуп жатабыз
.

Саясат таануучу Валентин Богатырев ГЭСтерди куруу башталбай жатканынын себеби тууралуу мындай пикирин ортого салды:

- Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоор дагы жок. Долбоордун алдында түзүлө турган техникалык- экономикалык негиздеме да даяр эмес . Аларды жасоо үчүн чоң суммада акча керек.

Ага акча бөлгөн тарап, ошол станциянын кожоюну болгусу келет. Ал эми станциянын кожоюну ким болот деген суроо болсо чечилбей турат. Эгерде бизде каражат болгондо долбоорду жасап, инвесторлордун кароосуна койсок болмок.

Ал эми долбоорду жасап бергиле деген тараптар болсо, долбоорду жасасак, анда станциянынын кожоюуну болуу укугу үчүн биринчи кезекте болушубуз керек деп турушат. Андан сырткары бул маселе абдан маанилүү. Анткени бул иш жүзүндө каскадды башкаруу жөнүндөгү маселе.

Ошондуктан Кыргызстан аны башкаларга берүүнү каалабайт. Анын ичинде Россияга да, Казакстанга да, Кытайга да, АКШга да. Кыргызстан каскадды өзү башкаргысы келет. Ал эми башкарууну өзүндө сактап туруп, ошол эле кезде насыя алуу өтө кыйын
.

Ошентип, Кыргызстандын тагдыр чечүүчү отун-кубат долбоорлору ордунан жылбай турат.

Ал эми Тажикстан болсо бул багытта бир кыйла алдыга кетти. Базарбай Мамбетов:

- Тажикстандын гидроэнергетиктери төрт жылдын ичинде аябай алдыга кетишти. Алар Сангтуда-1, Сангтуда-2, анан эми Рогун деген ГЭСтерди кура баштады.

Ошол ГЭСтердин аябай пайдалуу экенин билип, Россиянын РАО ЕЭСи биринчилерден болуп келди. Алар Сангтуда-1 ГЭСин үчүнчү жылдан бери куруп жатат. Ирандыктар Сангтуда-2 ГЭСин үч жылдан бери куруп жатышат
.

Дал ушул жерде белгилей кете турган нерсе, орусиялыктардын бул ГЭСтерди курууга катышуусуна Иран түрткү болгону маалым.

Анткени Тегеран бийлиги Тажикстандагы бардык ГЭСтерди курууга инвестиция бөлүүгө даярдыгын билдиргенде, куржалак калуудан чочуган орустар келүүгө аргасыз болушкан.

Кыргызстан үчүн Иран сымал альтернативанын жоктугу, Орусиянын маселени каалаганча создуктуруусуна алып келип жаткандай.

А.Мадумаров президенттик шайлоого камдана баштайбы?



Бул жумада Жогорку Кеңеш күзгү сессиясын баштады. Сессиянын ачылаар алдында парламенттин мурунку төрагасы Адахан Мадумаров депутаттык мандаттан өз эрки менен баш тартканын жарыя кылды.

Муну менен Адахан Мадумаров 2005-жылдан бери бирге болуп келген өлкө президент менен арасы алыстоо жолунда экенин тастыктады.

Белгилүү болгондой Мадумаров парламенттин имаратын ремонттоо чатагына байланыштуу май айында төрагалыктан кеткен. Бул окуя Мадумаров менен президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловдун көптөн бери уланып келаткан келишпестигинин акыркы жыйындысы катары мүнөздөлгөн.

Президент Курманбек Бакиев анда өз администрациясынын башчысын колдоп чыккан. Мадумаров кызматтан кеткенден кийин анын чогулткан командасы да таркатылды.

Акыркылардан болуп Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөнов кызматынан четтетилди, Кара-Суу районунун акими Токтосун Барманов иштен алынды. Үсөнов Мадумаровдун пикирлеш досу катары таанымал болсо, Барманов ага жакын экендиги маалым эле.

Эми Адахан Мадумаров кандай кадамга барат? Мурда түзүп, каттоодон өткөрүп койгон “Бирдиктүү Кыргызстан” (“Единый Кыргызстан”) партиясын сүрөй баштайбы? Же башка максаттары барбы?

Мадумаров өзүнүн жакынкы келечектеги кадамдары тууралуу “Азаттык үналгысына” берген интервьюсунда буларды айткан эле:

- Кадамдар - жашоо. Мен 17 жылдан бери эс алган эмесмин. Ошондуктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бир аз тыныгуу жарыялап, быйылкы жайды мүмкүн болушунча бала-чакага, үй бүлөгө арнаганга аракет кылдым.

Анан ар дайым Мадумаровду эч ким башынан же желкесинен көтөрүп чыгарган эмес. Биринчиси Кудайдын буйругу, экинчиси элдин колдоосу болуп келген. Элдин талабын аткарууда ар дайым бир багытта турабыз, иштей беребиз
.

Саясат таануучу Валентин Богатыревдун пикиринде, Адахан Мадумаровдун максаты 2010-жылдагы президенттик шайлоого катышуу:

- Менин оюмча ал президенттик шайлоого катышат жана ошого кам көрө баштайт. Ал шайлоого өз алдынча барат жана ага карата өзүнүн багытын аныктоого киришет. Оппозиция менен анын пикир келишпестиги бар. Оппозиция да аны жактыра бербейт.

Богатырев Мадумаровдун президенттик шайлоого сүрөй турган командасы жоктугун, бирок ага ресурс табылыш ыктымалдыгын белгилейт.

Анын пикиринде, Мадумаровго ресурс Орусиядан чыгышы мүмкүн. Анткени Орусияда достору бар. Грузия согушу боюнча Орусиянын колдоп, мактап чыгышы да көп нерседен кабар берип турат.

Анын үстүнө Кремль азыр Бакиевге анча ыраазы эмес. Бул нааразылыктын биринчи себеби Грузия согушунда Курманбек Бакиевдин Москваны ачык колдоп чыкпагандыгында дейт Богатырев:

- Кавказ чатагында ачык колдоп чыкпаганы - бир. Экинчиден, бул жерде америкалык база турат. Үчүнчүдөн, Бакиев россиялык инвесторлорго ачык артыкчылык бербей жатат. Менин оюмча, ыраазы болбошко негиздер жетиштүү эле.

"Мындай шартта Мадумаров ачык Орусияны колдоп, өзү жөнүндө кабар берди. Ошондуктан аны колдоочу күчтөр Орусияда болот", - деп эсептейт Богатырев.

Адахан Мадумаров өзүнүн маектеринде, оппозиция менен да, бийлик менен да кызматташууга каршы эместигин ишаара кылган. Бул жагынан ал эркиндигин сактап турат.

Оппозиция бийлик системасын өзгөртүүнү сунуштайт



Ошентип президенттин жакын санаалаштарынын бири Мадумаров саясатта өз алдынча сүзүүгө чыкты. Ал эми оппозиция күзгү активдүү кадамдарга даярданып, курултай өткөрүү үчүн “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов башында турган уюштуруу тобун түздү.

Андан сырткары “Акыйкат үчүн” кыймыл менен Алмазбек Атамбаев башында турган Социал-демократиялык партиянын жетекчилиги жума күнү жолугушуп, кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү. Келерки жумада ал сүйлөшүүлөр улантылып, эки тарап биргелешип аракеттенерин жарыяламакчы.

Оппозиционерлер бул жумада Кыргызстандын өнүгүү концепциясынын долбоорун да талкуулашты.



Ал долбоор тууралуу “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге бир катар суроолор менен кайрылган элек:

- Өмүрбек мырза, сиздер түзгөн “Акыйкат үчүн” кыймыл Кыргызстанды өнүктүрүүнүн концепциясын талкуулай баштады. Анда Кыргызстандын саясий системасына, экономикасына кандай өзгөчөлүктөрдү киргизүү каралган?

-Ө.Текебаев: - Канчалык парадоксалдуу болуп көрүнбөсүн, экономика - бул саясаттан башталат. Ошондуктан биздин экономикалык планыбыз саясий системаны, мамлекеттик түзүмдү өзгөртүүдөн башталат деп эсептейбиз.

Анткени бүгүн экономикабызга, социалдык өнүгүүбүзгө тоскоолдук болгон кесепет -бул кыргызчылыктын эң жаман адат, салты жыйналган кесепеттер, бул кошоматчылык, өзүм билемдик жана жеке адамдын бийлиги.

Мамлекетте бүгүн өкмөт башчысы, же президент эле башкарбастан, “ашар” жолу менен башкаруу орноп, тууган-уруктар жер-жерлерде, тигил же бул министрликти ошолор эле башкарып калган. Бул бүгүн эмес, мурда да болгон.

Эгерде бул система өзгөрбөсө мындан кийин деле боло берет. Мындай системадан кутулуунун жөнөкөй рецепти бар.

Ал үчүн өлкөдө тең атаандаш, ит жыгылыш болуп күрөшүп турган саясий күчтөрдүн тобу партиялар болуш керек. Оппозициянын кепилденген парламенттеги, коомдогу орду, парламенттеги бийлик партиясынын монополиясын чектеген босого аныкталыш керек.

Мына ушундай схема райондук деңгээлге чейин түшүш керек.

- Демек сиздер мурдагыдай бийлик бутактарындагы тең салмактуулук эле эмес, бийлик менен оппозициянын ортосунда тең салмактуулук калыптаныш керек деген пикирде экенсиз да?

-Ө.Текебаев: - Ооба. Бул абдан маанилүү. Анткени уткан баарын алат, утулгандын шору деген принцип болуп, кечээ Акаев болсо баары анын ырын ырдап, ошол жака көчөт. Бүгүн Бакиев болсо бул жака көчөт. Эртең башка болсо ооп эле кетип жатпайбы.

Ошону менен бул оппозициянын шору, утулгандын шору болуп жатат. Мына ушуга окшогон коркунучтарды, куугунтуктоолорду токтотуу үчүн, оппозиция да реалдуу күч болуш үчүн, элдин атынан элдик көзөмөл болсо экен деп, ушундай идеяны киргизип жатабыз.

Баланс бийлик менен оппозициянын ортосунда эле эмес, борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосунда да болуш керек. Ал кандай жол менен ишке ашат?

Райондук кеңештер партиялык тизме менен шайланып, жеңип алган партия өзү акимди дайындаш керек деген сунушту киргизип жатабыз.

- Президенттик бийлик да чектелеби?

-Ө.Текебаев: - Президенттик бийлик чектелип, президент калыс, арбитрдин ролун аткарып калат. Кээ бир учурда аксакалдык кылып, өкмөт менен парламенттин ортосундагы маселелерди чечет.

Президентти биз жети жылга бир гана мөөнөткө шайланыш керек деп турабыз. Анткени эки мөөнөт десе эле экинчи мөөнөтүн ойлоп, тигиге жаксам, буга жаксам деп, өзү туура деген чечимдерге да бара албай калат экен. Ошондуктан бир мөөнөт менен чектелсе менин оюмча өзүнүн калыстык функциясын аткарат.

- Оппозиция деген ар түрдүү жана көп. Парламентте да бар, парламентке кирбегендер да бар. Алардын орду, салмагы канадй аныкталат?

-Ө.Текебаев: - Оппозициянын эки түрүн атоого болот. Бул - парламенттик оппозиция. Элдин ишенимине ээ болуп, аз добуш менен болсо да босогодон өтүп, парламентке келген оппозиция. Алардын өзүнүн статусу болот.

Ал эми босогодон аттай албай калган партиялар да оппозиция. Муну парламенттен сырткары оппозиция деп койсо болот.

Бирок өлкөнүн келечеги мына ошол босогону аттай албай калган партиянын жаңы идеологиясында болушу мүмкүн.

Ошондуктан Батыш Европада парламентке кирбей калган, бирок белгилүү бир босогондон аттаган, 1-2 пайыз добуш алган партияларга мамлекет жардам берет. Бизде да ошондой болуш керек.

- Өмүрбек мырза, жоопторуңузга чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG