Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абад Жалал-Абад облусунда быйыл жол кырсыктары көп катталып, жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. МАИ кызматкерлеринин айтымында, кырсыктын жылдан жылга көбөйүшүнө айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы себеп болууда. Коомчулуктун өкүлдөрү жол эрежесин билбеген адамдардын айдоочулук күбөлүктү сатып алып, өзү жана өзгөлөр үчүн да коркунуч туудуруп жатканын белгилешүүдө.

Облуста жылдан жылга автоунаалар көбөйүүдө. Былтыр маселен он үч миңден ашык автоунаа алынып келинген. Жети айдын ичинде облуста 311 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылдагыга караганда он бир кишинин өмүрү көп кыйылган. Ушундай маалыматы билдирген облустук МАИнин башчысы Сүйүн Өмүрзаковдун талдоосуна ылайык, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү түн жарымынан таңкы маалга чейин жана Ош-Бишкек унаа жолунда катталган. Жөө жүргөндөрдү койдуруп кеткен же жолдон чыгып кеткен, бет маңдай чыккан автоунаа менен кагышкан учурлар көп катталган. Ошондой эле машинада келе жаткандар тобу менен Нарын дарыясына түшүп кеткен кайгылуу окуя болгон.

Жол кырсыгынын айынан төрт жүзгө жакын киши денесинен жараат алып, он үч өспүрүм кырсыктын айынан көз жумган. Жол кырсыктарынын саны Базар-Коргон районунда дээрлик эки эсеге өсүп, Жалал-Абад шаарында болсо анын кесепетинен көп адам набыт болгон. Ал эми жолдо жүрүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн атайын кызматкерлер жетишсиз тейден калууда.

- “Жети айдын ичинде 110 адамдын өмүрү кыйылган жол кырсыгынын кесепетинен. Өткөн жылы жети айдын ичинде 99 адам каза тапкан. 311 жол кырсыгынын ичинен 398 адам ар кандай жараат алып ооруканаларга кайрылган. Быйылкы жылга өспүрүмдөр арасында өлгөндөрдүн саны – 13, өткөн жылы – 12 болгон. Жол кырсыгынан ар кандай жараат алып, ооруканага кайрылгандар өспүрүмдөрдүн саны быйыл –60. Жалал-Абад шаарында өткөн жылы 7 адам каза болгон болсо, быйыкы жылы 11 адам каза болгон. 71,1 пайызга каза болгондордун саны өсүп кеткен”, - дейт облусттук МАИ башчысы Сүйүн Өмүрзаков.

Ал айдоочулардын жакшы эс албай, акча табуу максатында катуу айдап, түнүчүндө уктап калганы кырсыкка себепкер экенин дагы белгиледи.

Коомчулуктун божомолу боюнча өлкөдө жашоого ылайыктуу маянасы бар жумуштун аздыгы, жумушсуздук, уюм-мекемелердеги коррупция, кымбатчылык көптөгөн адамдарды жүргүнчүлөрдү ташып каражат табууга түртүудө. Сапарга чыккан айдоочунун ден-соолугу, айдоочулук тажрыйбасына жана унаасынын абалына кызыккандар чанда. Айдоочулар күн сайын медициналык кароодон өткөрүлүп, автоунаа башкарууга жарактуу болгон соң жолго чыгууга укук алса, жолдорго түнкү жарык коюлса адам өмүрүн алган кырсыктардын саны азаймак деген ишеним коомчулукта күч.

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармасынын жетектөөчү адиси Шарипа Жоробаеванын айтуусунда, жарандардын айдоочулук өнөрдү жетиштүү өздөштүрбөй туруп, машина айдаганы кырсыкка өбөлгө. Жол эрежесин дурус билбеген айдоочулардын МАИ кызматкерлери менен тил табышканы, айдоочулук күбөлүктү сатып алганы түрдүү кылмышка түрткү болууда:

- Айдоочулардын сатып алган документтери болуп атат. Аларды үйрөтпөстөн эле канча суммадагы акчаны берип коюп документти алып алышып рулга отуруп атышат. Ошонун себебинен кырсыктар көбөйүп атат деп ойлойм.

Экинчиден, чет өлкөдөн келип аткан жогорку ылдамдыктагы машиналардын шаар ичинде тартипти сактабай жүргөнүнөн болуп атат. Тартипти акчага алданып кетпестен бекем кармаш керек. Көрүп атабыз, саламдашканда эле МАИ кызматкеринин колуна жок дегенде эле 50-100 сом акча беришет экен. Анан жол эрежелерин буза беришет да.


Областтак МАИнин жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков болочок айдоочуларга жетиштүү билим бералбаган жети автомектеп жабылганын жана эми машиналарды техникалык жактан кароодо талаптар күчөтүлөөрүн билдирди.
XS
SM
MD
LG