Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Вашингтон менен Орусиянын ортосундагы тиреш улам күч алууда


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев АКШны Грузияга кайрымдуулук жардамды согуштук кемелери менен жеткирип, провокацияга түртүп жатат деп ишембиде айыптады. Грузия менен Украинадан кайтып келатып, Италияга кайрылган АКШнын вице-президенти Дик Чейни мында сүйлөгөн сөзүндө "Москва коркутуп-үркүтүп, карандай күч колдонуунун эски амалына өттү" деп Кремлди сынга алды. Ал эми Грузиянын жикчил аймактарынын бири Абхазиянын жетекчиси Сергей Багапш алдыдагы күндөрү Абхазия менен Кремл öз ара аскердик кызматташтык тууралуу келишимге кол койоорун Маскөө шаарында билдирди.

XS
SM
MD
LG