Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

7:40 Парламент комитети бүгүн жаза өтөө мекемелериндеги жагдай боюнча маселени карайт


Анда негизинен өткөн айда Беловодскидеги 16-колонияда чыккан баш-аламандыкка байланышкан маселе каралып, анын себептери боюнча юстиция министринин орун басары Сергей Зубов маалымат бермекчи. 14-августтун кечинде аталган колонияда баш-аламандык чыгып, жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын эки кызматкери абактагылардын колунан ажал тапкан эле. Парламенттин коргоо, коопсуздук жана соттук-укуктук реформалар боюнча комитетинин бул жыйынында мындан сырткары бир катар мыйзам долбоорлору да каралмакчы. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG