Линктер

дүйшөмбү, 20-февраль, 2017 Бишкек убактысы 01:06

Иранда президенттик шайлоо кийинки жылдын 12-июнуна белгиленди


Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик үналгысына ички иштер министрлигинин жогорку даражалуу өкүлү Али Асхар Шарифирад билдирди. Анын айтымында, добуш берүү күнү шайлоого көзөмөл салып келген сот органы тарабынан жактырылды. 1979-жылы болгон Ислам революциясынан кийин Иранда тогуз жолу президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнүн азыркы президенти Махмуд Ахмадинежад бул кызматты 2005-жылдын август айынан бери ээлеп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG