Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Амирбек Усманов, Прага Бүгүн 8-сентябрда Франция президенти Николя Саркози башындагы Евробиримдиктин мартабалуу жетекчилери Орусияга жана Грузияга келишет. Европалык сыйлуу коноктор Москваны Грузиядагы ок атууларды токтотуу боюнча 12-августа жетишилген макулдашуунун шартын аткарууга жана орус аскерлерин Грузиянын түздөн түз ээлигиндеги жерлерден чыгарып кетүүгө ынандырууга аракет кылат. Бирок Орусия макулдашуунун шартын мындай чечмелөөгө макул эмес.

Евробиримдиктин учурдагы төрагасы, Франциянын президенти Николя Саркози Москвада жана Тбилисиде болот. Саркозини Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Барросо жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Хавьер Солана коштоп жүрөт.

Делагациянын максаты Саркози 12-августа президент Медведев менен макулдашкан ок атууларды токтотуу боюнча планды аткарууга Москваны ынандыруу. План боюнча орусиялык аскерлер оболу Грузиянын ээлигиндеги жерлерден, андан соң Абхазия жана Түштүк Осетиядан чыгып кетүүгө тийиш.

Абхазия жана Түштүк Осетиянын жикчил жетекчилиги августун аяк ченинде өздөрүн Грузиядан эгемен деп таанууну сурап Орусияга кайрылып, Москва эки аймакты расмий түрдө күнкорсуз өлкө катары тааныган.

Ишемби күнү Франциянын Авиньон шаарында аяктаган эки күндүк жыйында Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлери президент Саркози башындагы миссияга ак батасын айтты. Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер Орусия 12-августа жетишилген алты беренелүү планды бузбай аткарат деген үмүтүн билдирди:

-Бизге келерки бир нече айда да байкоочулар миссиясын жайгаштыруу жөнүндө сүйлөшүүгө туура келбейт деп үмүт кылам. Менин оюмча, чатакты жөндөө жөнүндөгү алты беренелүү планга жараша Орусия аскерлерини Грузиянын негизги территориясынан Түштүк Осетияга жана Абхазияга чыгарып кетүүгө ынанышы керек. Биз Орусия өз убадасызда турат деп ишенебиз.

Авиньондогу жыйында Евробиримдик Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюму-ЕККУнун Грузиядагы миссиясына кошумча өзүнүн 200 байкоочусун жөнөтүүгө даяр экенин тастыктады. Франциянын Тышкы иштер министри Бернар Кушнердин айтышынча, Евробиримдиктин байкоочулары адегенде ЕККУнун миссиясынын курамында иштешет. Бул чечим жөнүндө биримдик 15-сентябрда ырасмий түрдө жарыя кылат.

Орусия ок атууларды токтотуу боюнча алты беренелүү макулдашууну Евробримдик кандайча чечмелеп жатканына макул эмес. Москванын ырасташынча, орус аскерлери Түштүк Осетияга чектеш «коопсуздук тилкесинде» кала бериш керек.
XS
SM
MD
LG