Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

13:00 Октябрь айында Италияда Кыргызстандын консулдук бөлүмү ишке кирет


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн билдирди. Маалыматтар боюнча учурда Италияда беш миңге чукул кыргызстандык жаран бар. Алардын жыйырмадан ашык пайызы гана аталган өлкөдө мыйзамдуу жүрүшөт. Мигранттардын дээрлик көбү курулуш тармагында иштешет, үйбүлөрдө ашпозчу, бала жана картаң адамдарды багышат. Италияда кыргыз атуулдары буга чейин Женевадагы кыргыз элчилигине кайрылып келген. Бирок аралык алыс болгондуктан жана элчиликтин каржылык чамасы жетпегендиктен паспорт, каттоого туруу сыяктуу көп көйгөйлөрдү чукулунан чечүү ишке ашпай келген, дейт К. Исабеков. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG