Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

19:25 Жалал-Абад облусунда депутаттыка талапкерлерди каттоо жүрүүдө


Облустун район, шаар кеңештеринин депутаттыгына талапкер катары 417 адам расмий катталды. 341 депутаттык орун үчүн 134 аял да шайлоо марасына катышууда. Саясий партиялардын мүчөлөрү болгон 40 киши талапкерликке өздөрүн өздөрү көрсөтүшкөн. Облуста айылдык кеңештердин 1057 орду үчүн 2009 талапкер арыздарын тапшырган. Алардын 581и расмий каттоодон өттү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттык орундарын талашууга “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү көп катышууда, аталган саясий уюмдун 78 мүчөсү депутат болууну каалашкан. “Жаңы Кыргызстан” партиясынан бир киши, “Компартиядан” эки адам айылдык жана райондук кеңештердин депутаттыгы үчүн ат салышмакчы. Оппозициячыл партиялардын көз карашында «Ак жолчуларды» бийлик колдоп, алар көп орундарга жетишүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG