Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:16

18:40 Баткендеги Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундары суу талабы менен облустук администрацияга келишти


8-сентябрь күнү Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл өкмөтүнүн 200дөн ашуун тургуну ичүүчү жана сугат суунун жетишсиздигине нааразылык билдирип, Баткен облустук акимчилигинин астына чыгышты. Чогулган эл менен облус губернатору Марат Жумабеков жолугушту. Бирок облус жетекчилиги Самаркандек айыл өкмөтүнүн элин суу менен камсыз болот деп ынандыра алган жок. “Суу Тажикстандын чегарасы менен 4 км өтүп жатат. Аны бир гана акылдашып, кеңешип гана кылабыз” – деди губернатор Марат Жумабеков. Ал 9-сентябрда аталган айыл өкмөттөгү суу маселесин чечүү боюнча түзүлгөн комиссия менен жеринде барып маселеге текшерүү жүргүзө тургандыгын маалымдады. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG