Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

18:45 «Сиосат» гезитинин баш редактору Алишер Саиповду өлтүргөндөр эми табылбайт


Массалык маалымат каражаттарынын Оштогу ресурстук борборунун директору Максуда Айтиева «Азаттыкка» билдиргенине караганда, «Сиосат» гезитинин баш редактору Алишер Саиповду өлтүргөндөр эми табылбайт. М.Айтиеванын оюнча, журналисттин көзүн тазалоого буюртма Өзбекстандан түшкөндөй. Ошондуктан, Кыргызстан коңшу өлкөнүн айыбын ачуудан чочулап, саясий чечим кабыл алууга батынбай жаткандай. Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыпов Алишер Саиповдун өлүмүнө байланышкан кылмыш ишин тергөө улантылып, бир нече версиялар иликтенип жаткандыгын кабарлады. (ATo)

XS
SM
MD
LG