Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

Кыргыз бийлиги соңку кездери жаштар саясатынын концепциясын түзүү менен да алектенип келет. Президенттин администрациясы ошол концепцияны иштеп чыгуу боюнча атайын иш тобун түзүп, аны Ак үйдөгү жаш чиновниктердин бири Азамат Дикамбаев жетектөөдө. Муну демилгечилер өздөрү болочокко кам көрүү, өлкөнүн келечеги болгон жаштарга колдоо көрсөтүү аракети катары баалашууда. Ошентсе да мындай иш-чаранын аркасынан, Орусиядагы бийликчил “Наши” жаштар уюму же Өзбекстандагы “Камолот” жаштар кыймылы сыяктуу уюм Кыргызстанда да пайда болушу мүмкүн экендигин эскерткендер болууда.

Кыргыз жаштары соңку жылдары ар кыл саясий оюндардын курмандыгы болуп жатканын айтылып узун сөз болуп келет. Айрым саясатчылар мамлекет жаштарды биротоло жоготуп албоосу үчүн аларга көңүл бура баштоосу керектигин айтышат. Ошентсе да кээ бир серепчилердин пикиринде, мамлекеттин жалпы багыты демократиялык принциптерге таянбаса, өлкөдөгү жаштардын абалы башка тармактар сыяктуу эле аянычтуу бойдон кала берет.

Мамлекет азыркы тапта ошол жаштарга жүз буруу, келечеке кам көрүү деген жүйөөлөр менен жаштар саясатынын концепциясын иштеп чыгуу аракетин көрүүдө. Анын максаттары тууралуу аталган концепцияны иштеп чыгуу боюнча иш тобунун мүчөсү, Жогорку Кеңештин “Ак жол” партиясынан шайланган депутат Алишер Мамасалиев мындай дейт:

- Жаштардын саясаты акыркы 15 жылда өзгөргөн жок. Мыйзамды карасак, анда жакшы эле жазылган, эмнелерди кылыш керектиги тууралуу. Бирок тилекке каршы, бүгүнкү күнү Жаштар департаменти өз ишин так аткара албай жатат. Ошол себептүү жакын арада көңүл бурбасак жаштарды жоготуп алабыз. Негизги максат ошого жол бербөө.

Алишер Мамасалиевдин айтымында, мамлекет бул жаатта чечкиндүү чараларды көрбөсө, кыйла жаштар диний-экстремисттик топторго ыктап баратат:

- Бүгүнкү күнү жаштар менен ким иштеп жатат? Булар исламдык радикал уюмдар, кылмыштык топтор, андан кийин саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар. Мамлекет жаштар менен азыркы тапта жакшы иш алып бара албай жатат.

Ошондой эле депутат азырынча бул жөн гана жалпы жаштар үчүн иштелип чыккан концепция болорун, анын аркасынан бийликчил уюм түзүү тууралуу сөз жок экендигин билдирди.

Коомдук саясат жаатында “Мамлекеттик башкаруу реформасы” деген темада Прага шаарында докторлук ишин жактап жаткан жаш адис Марат Жаанбаевдин пикиринде, кандайдыр бир концепцияларды иштеп чыгуу же документтерге кол коюп коюу менен эле жаштардын көйгөйлөрү чечилип калбайт:

- Жаштар саясаты жаатында маселелер көп эле. Бийлик ошол маселелерди алып туруп эле бир иш тобу менен же документ жазып коюу менен чече албайт. Маселен, өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө мамлекет мындай жасалма саясат жүргүзбөйт. Калп эле “жаштарды ойлонуп атабыз, жаштар саясатын жүргүзүп атабыз, жаштардын проблемасын чечебиз” деген сыяктуу жасалма нерселер көрүнбөйт.

Ал жактарда саясат төмөндөн жогору карай кетет. Кимге эмне керектиги төмөнтөн жогору карай өзү эле аныкталып калат. Мамлекет болсо ошол жөнөкөй жарандар, салык төлөөчүлөрдүн талаптарын канааттандырып турушу керек.


Саясий ишмер Өмүрбек Абдрахмановдун баамында, бийликтин көзөмөлүндөгү жаштардын уюмдарын, кыймылдарын түзүү авторитардык өлкөлөр колдонгон ыкма. Ошол себептүү бийлик жаштар саясатынын концепциясын иштеп чыккандан кийин, бийликчил жаштар уюмун түзүүсү да ыктымал:

- Саясат деген жаштардыкы, карылардыкы, кемпирлердики, кыздардыкы деп бөлүнбөйт. Саясат деген демократиялык жана авторитардык деп эле экиге бөлүнөт. Эгер демократиялык саясат болсо, коом өзү эле кимге эмне керектигин аныктап, өзүн-өзү башкарып, иш жүрө берет. Бийлик партия түзөт, жаштар уюмун түзөт деген эч бир цивилизациялуу коомдордо жок. Болууга да мүмкүн эмес. Алардын коому бийликке андай кылганга уруксат бербейт.
XS
SM
MD
LG