Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада Каракол шаарында 3-Республикалык театр фестивалы өтөт. Бул иш-чараны Маданият жана маалымат министрлиги уюштурууда. Аталган министрликтин көркөм өнөрдү өнүктүрүү башкармалыгын башчысы Коногаалы Эсеналиев кабарлагандай, иш-чарага өлкөдөгү баардык театрлар катышат.

9-сентябрда обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев Бишкекте туулган күнүнө арналган концертин тартуулайт.

10-сентябрда “Тунгуч” театры “Манасчы” спектаклинин премьерасын өткөрөт. Оюнда башкы ролду кыргыз улуттук драма театрынын артисти Замир Сооронбаев ойнойт.

11-сентябрдан тарта Анапа шаарында “Киношок” фестивалы өтөт. Анда Актан Арым Кубат тарткан “Сүйүүнүн өз асманы бар” фильми сунушталат. Бул фильм Сооронбай Жусуев жазган “Канат менен Зарина” чыгармасынын негизинде тартылган. Тасманын экинчи режиссеру Эркин Рысбаевдын билдиргенине караганда, сүйүүнү даңазалаган бул фильм ошондой эле Астанада өтүүчү “Евразия” кинофестивалында көрсөтүлөт.
Мындан сырткары Темир Бирназаровдун “Парз” жана “Белгисиз багыт” тасмалары кино күйөрмандарынын сынына коюлат.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Кубанычбек Аманкожоевдин жеке көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө анын 1950-60-жылдар аралыгында тартылган 100 эмгеги коюлган.

Улуттук китепканада “Маданият улутту сактайт” аттуу көргөзмө өтүүдө. Анда Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдар аралыгындагы маданий чөйрөдөгү болуп өткөн окуяларды чагылдырган фото сүрөттөр, гезит беттеринде жарыяланган материалдар коюлган.

Мамлекеттик тарых музейинде “Байыркы Кыргызстандын алтындары” аттуу экспозиция өтүүдө. Экспозицияга Кыргызстандын аймагынан табылган, байыркы тарыхтын 300гө жакын алтын жана коло буюмдары коюлган. Анын ичинде көпчүлүгү жасалгалар. Мисалы иймектер, билерик, сөйкө шакек жана башка буюмдар. Баалуу буюмдардан турган бул экспозиция күн сайын эле иштей бербейт. Башкача айтканда көрөрмандардын жумасына эки гана жолу көргөнгө мүмкүнчүлүктөрү бар.
XS
SM
MD
LG