Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

АКШ армиясы Ооганстандагы аба соккусу учурунда каза болгон жай тургундар боюнча иликтөө жүргүзөт


Ооган өкмөтү Герат провинциясынын Шиндант районунунда 22-августа болгон кыдыруу учурунда 90дон ашуун киши, көпчүлүгү аялдар менен жаш балдар мерт болгонун билдирген. Бул маалыматты Улуттар уюмунун өкүлчүлүгү да ырастаган.
АКШ армиясы болсо адеп башында ал операция учурунда 35 согушкер менен катар бештен-жетиге чейинки сандагы жөн-жай тургун каза тапканын маалымдаган эле. Бирок кечээги билдирүүсүндө АКШ армиясы аталган окуя боюнча "жаңы далилдерден" улам өз тыянагын кайра –кароону көздөп жатканын белгиледи.
Ал эми "Хьюман Райтс Уочт" уюму өзүнүн бүгүнкү отчетунда белгилегендей, АКШ жана НАТО аскерлери өз операциялары учурунда кетирген катачылыктар аларга жана ооган өкмөтүнө карата коомдук колдоону азайтып, талибдердин пайдасына кызмат кылууда.
"Хьюман Райтс Уочт" ошондой эле козголоңчуларды карапайым адамдарды калкан катары пайдалануу менен аларды өлүмгө кириптер кылып жатканы үчүн айыптады.
Бул аралыкта бүгүн Ооганстандын түштүгүндө жол боюндагы бомбанын жарылуусунан НАТОнун эки аскери жана жергиликтүү алты тургун каза тапты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG