Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Бүгүн Бишкекте оппозициялык ири партиялар биригүү тууралуу чечимге келишти. “Ата Мекен”, “Ак шумкар” саясий партиялары менен чогуу жарандык биримдик түзүү демилгесине Социал-демократтар партиясы да кошулганын жарыялады. Айрым саясатчылар оппозициянын жаңы биримдиги мурдагы “Реформа үчүн”, “Бириккен Фронт” сыяктуу эле максатына толук жетпей калуусу ыктымалдыгын болжолдошууда.

Жарандык биримдик түзүү, бир максаттын алдына баш кошуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын оңдоо, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү демилгеси “Ата Мекен”, “Ак шумкар” саясий партиялары тарабынан “Акыйкат үчүн” кыймылынын саясий кеңешинин 21-августтагы жыйынында көтөрүлгөн эле. Буга чейин аты аталган саясий партиялар биригишкенин маалымдашкан.

Ошондой эле элдик коалицияга биригүү сунушу Социал-демократтар партиясына да айтылып, аталган тарап бул сунушту кабыл алганын кечээ (8-сентябрь) жарыя кылды. Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын кеңсесинде болгон жолугушуу-сүйлөшүүдөн кийин Социал-демократтар партиясынын өкүлү Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди:

-Кыргызстанда болуп жаткан социалдык-экономикалык абалды көрүп туруп, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү үчүн бүт прогрессивдүү саясатчылар биригип туруп, ушундай пикирге келип атабыз. Биз, Социал-демократтар партиясы да толугу менен бул демилгени колдоп, чогуу бололу деп чечтик.

Иса Өмүркуловдун айтуусунда бул чечим жалпы партиянын жана Социал-демократтар фракциясынын кабыл алган чечими болду.

Оппозициянын бул жолку биригүүсү азырынча башка саясатчылар жана байкоочулар тарабынан анча колдоого алына элек. “Эрк” партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу “Оппозицияда бир нече лидер болгону көп учурда алардын аракетин натыйжасыз калтырат”, - деп эсептейт. Анын айтуусунда, бир кыймылда же биримдикте ар кимиси өз багытында иш жүргүзгөн бир канча жетекчи болбой, бардыгы бир адамга баш ийишкен учурда оппозиция жеңишке жетишмек.

Жаңы бийлик орногондон бери оппозиция эки ирээт чоң бир коалицияга баш кошуп, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүгө аракет жасаган. “Реформа үчүн” кыймылы уюштурган 2006-жылкы ноябрь митингинин, “Бириккен фронт” тарабынан уюштурулган 2007-апрель митингдери учурунда борбордук Ала-Тоо аянтына кылкылдаган эл чогулганы белгилүү. Алгачкы митинг сүйлөшүүлөр жолу менен аяктап, бирок максатына жеткен эмес.

Апрель митингдери болсо бийлик тарабынан кууп таркатылып, натыйжада бир нече киши баш-аламандык уюштурган деген айып менен камакка алынып, сот жообуна тартылышкан. Ошол туштагы оппозиция мүчөлөрүнүн бир тобу азыр мамлекеттик кызматтарды ээлесе, ал эми дагы бир тобу саясаттан кеткендигин жарыялашкан.

Бул митингдерди унута элек айрым байкоочулар оппозиция бул жолу да кандайдыр бир жеңишке жетиши күмөндүгүн айтышууда. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири боюнча оппозициялык жаңы биримдиктин иши жакында болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу жетишкендиктеринен көрүнөт:

-Биригүүнүн азыркы негизги себеби, жакында боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого чогуу катышуу, жеңишке жетишүү болууда. Ушул максат канчалык деңгээлде ишке ашырылат? Оппозициянын эл менен кандай иштеп жатканы мына ушундан эле билинип калат.

Орозбек Молдалиев оппозициялык биримдикке Социал-демократтар партиясынын кошулганы аларга артыкчылык берет деген ишенимде:

-Социал-демократтар партиясы парламенттин бир бөлүгү. Алардын өздөрүнүн шайлоочулары бар. Парламентте фракциясы бар. Өздөрүнүн мүдөөлөрүн көпчүлүккө парламент аркылуу айтып-жеткире турган мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, алардын бул биримдикке кошулганы оппозицияга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Жаңыдан уюшулуп жаткан элдик коалицияга биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр ушул тапта башка саясий партиялар жана саясий күчтөр менен да жүрүп жатканы маалымдалды. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда, оппозициялык жаңы биримдиктин иш-аракетинин натыйжасы ага мүчө болуп кирген саясий олуттуу күчтөрдөн да көз каранды:

-Биригүүнүн өзү –чоң фактор. Кырдаалга таасир эте турган, бийликке таасир эте турган фактор. Биздин биригүүбүз канчалык кеңири болот, ага кандай саясий күчтөр, олуттуу саясатчылар кошулат, мына ушул да көп нерсени чечет. Башкача айтканда биримдиктин курамынан да көп нерсе көз каранды.

Жарандык биримдиктин так аталышы азырынча чечиле элек. “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун маалымдаганы боюнча жарандык бирикме 5-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо активдүү катышууну көздөйт. Андан ары өлкөнүн саясий-экономикалык абалын оңдоо жана мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү максатында аракеттерин жүргүзө бермекчи.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG