Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Ооганстандагы аба соккусунда жайкын тургундар да мерт болууда


Пентагон жакында эле жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктарына таянып, АКШ армиясынын Ооганстандагы аба соккусу учурунда 5 же 7 жайкын тургун набыт болгонун билдирди. Ооган өкмөтү Ооганстандын батышындагы Азизабад кыштагында аба соккусу учурунда 90 адам мерт кеткенин ырастоодо. НАТОнун контингентине колбашчылык кылган генерал Дэвид Маккирнан иликтөө учурунда “жаңы маалыматтар” алынганын кабарлады. НАТОнун карамагындагы Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн басма сөз өкүлү “жаңы маалыматтар” дегенде, Азизабад кыштагынын тургуну мобилдик телефонуна тартып алган сүрөттөр тууралуу сөз болуп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG