Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Грузин президенти ЕБнын макулдашууларын чатакты жөнгө салуу кадамы катары баалады


Орусия-Грузия жаңжалын жөнгө салууда Евробиримдиктин жаңы макулдашууларын алдыга ташталган кадам катары сыпаттоого болот, деп билдирди Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Франциянын лидери Николя Саркози менен сүйлөшүүлөрдөн кийин. Өз сөзүндө Саакашвили кандай гана макулдашуу болбосун, ал Грузиянын аймактык бүтүндүгүн урматташы керек деп белгиледи. Кечээ Орусия Грузиядан жоокерлерин бир айдын ичинде чыгарып кетүүгө макулдугун берди. Бирок расмий Москва Грузиянын жикчил эки аймагы Түштүк Осетия жана Абхазиядан өз жоокерлерин чыгаруу тууралуу эч кандай милдеттемелерди алган жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG