Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:27

10:13 Кырсыкка учураган Боинг-737нин учкучу Гончаров абакта


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти. Маалыматка караганда, 24-августа кырсыкка учурган Боинг-737 башкы учкучу Гончаров өткөн жумада соттун чечими менен камакка алынды. Айрым маалыматтарга караганда, ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып турат. Тегеранга бараткан учак 24-августа кечке жуук кырсыкка учурап, анда 65 киши каза тапкан. Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун айтымында, учактын кырсыкка учурашына учкучтардын күнөөсү бар экени шектелип жатат. Кырсыкты иликтеген комиссия алдын –ала иликтөөлөрдүн жыйындысында ушундай бүтүмгө келүүдө.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG